Көргөзмөдөн калбайын деп Таластан келген Айдиншер Жибек жолу көргөзмөсүндө
April 16, 2019, 06:0014-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөнүн алкагында Ак илбирс күнү болду.
Талас облусунун Талас шаарынан бери Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсү тууралуу сыналгыдан көрүп, чоң энеси менен келген Айдиншер, көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө пластилинден ак илбирсти жасоо боюнча мастер класс өткөрдү.
Айдиншердин чоң энеси Жылдыз Акманалиеванын айтымында, небереси төрт жашынан баштап эле пластилинден көбүнчө жаныбарларды жасап келет.
“Көргөзмөгө бүгүн төртүнчү күн келип жатабыз. Кытай, Таджикистан, Кыргызстан күндөрүнө катыштык. Неберем бүгүн Ак илбирс күнүндө балдарга пластилинден ак илбирсти жасоо боюнча мастер класс өтүп жаткандыгына аябай кубанып турам. Атасы бүгүн футболго барат дегенине болбой, көргөзмөгө алып келдим”, - дейт чоң энеси.
Алыстан сапар тартып келген Айдиншерге “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркул Кендирбаева, ПРООНдун чакан белегин тартуулады.
Сүрөттөгү ак илбирсти Айдиншер эки саатта жасап бүткөн.