«Үч дүйнө» поэзия кечеси болуп өттү
April 12, 2019, 06:002019-жылдын 12-апрелинде “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” Улуттук Борборунда Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты, телеалып баруучу Акбар Кубанычбековдун, эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын президентинин орун басарыАкжол Доранбек уулунун жана К. Орозбеков атындагы жаштар сыйлыгынын ээси, Нур Борбор чыгармачылык академиясынын мүчөсү Адилет Зарылбек уулунун поэзия кечесин чоң аншлаг менен өткөрдү.
Иш чара учурунда акындар өздөрүнүн ырларын окушту. Ошондой эле үч акындын ырларын таанымал артисттер Чынгыз Мамаев, Нурдөөлөт Копоев, Эркин Эгембердиев жана теле алып баруучулар Керемет Сабыржан кызы, Улукман Атабеков көркөм окуп беришти.
А.Кубанычбековдун сөзүнө жазылган ырларды ырчылар Александр Волкодав, Мээрим Карыпова, Тотомидин Жолдошев, Сурма Тургунаалы кызы ырдап беришти.
Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барды.
Жаштардын ырлары өзүнүн бийик пафосу, лирикалуулугу менен көрүүчүлөрдү поэзиянын сыйкырдуу таасирине жетелеп, жагымдуу маанай тартуулады.