Жибек Жолу көргөзмөсүндө Казакстан күнү өттү

April 13, 2019, 06:00

13-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Казакстан күнү болуп өттү.

 

Көргөзмөнү “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондунун аткаруучу директору Догдургул Кендирбаева, КРдагы Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары Рымтай Карибжанов, КРдагы казактардын ассоциациясынын төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева сөз сүйлөшүп, көргөзмөнү ачышты.

 

Казак элинен көрүүчүлөргө чакан концерттик программа “Ала Тау” фольклордук ансамблинин коштоосу менен тартууланды.

 

Көргөзмөнүн коноктору казак элинин боорсок, чучук, курут, Казакстандан чыккан таттуулардан даам татышты. Кинозалда балдарга “Эртөштүк” мультфильми көрсөтүлүп, таяк тартыш боюнча балдар арасында чакан мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөрүнө күмүш монеталар белекке берилди.

 

Интерактивдүү зонада ар түрдүү улуттук оюндар ойнолуп, сүрѳт тартуу боюнча мастер класстар ѳткѳрүлдү.