Тартип кожойкелери

March 9, 2016, 06:00

Кыргызстанда милицияда иштеп жаткан аялдардын саны мурдагыдан кыскарууда. Учурда тартип коргоо органдарында иштеген кыз-келиндердин саны 12 пайызды түзөт. Алардын алты пайызы аттестациядан өтүп, погон тагынгандар. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл Ички иштер министрлигинин акедемиясына кыздар үч пайызга аз тапшырган. 2010-жылы 1-октябрда экс-президент Роза Отунбаеванын колдоосу менен ички иштер органдарында гендердик теңчиликти орнотуу максатында кыргыз милиция айымдарынын ассоциациясы түзүлгөн.