Жибек Жолу көргөзмөсүндө Корея күнү болду

April 7, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Корея күнү болуп өттү.

 

Алгач көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө Корея өлкөсү жөнүндө видеоролик көрсөтүлүп, чакан концерттик программа корей элинин салттуу бийлерименен коштолду. Корей элинин Ханбок улуттук кийимдери көрсөтүлүп, “К-рор” тобунан көрүүчүлөргө бийлер тартууланды.

 

КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева көргөзмөгө келген коноктор менен маектешип, бөбөктөр менен кыргыз элинин чүкө оюндарын ойноду.

 

Боз үйдүн ичине толгон кичинекей бөбөктөргө корей мультфильмдери көрсөтүлүп, Кыргызстандагы Корей Республикасынын элчиси Ха Тэек бөбөктөргө орус тилинде “Хынбу менен Нольбу” жөнүндө жомок окуп берди.

 

Көргөзмөнүн интерактивдүү аймагында корей тилиндеги Бишкектеги курстар, Кореяда окуу тууралуу кеңештер, корей тилиндеги тесттер жана КОICA долбоорлору боюнча маалыматтар берилип турду.

 

Музейдин короосунда корей элдик оюндары ойнотулуп, таэквондо боюнча мастер класстар көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн баардыгы корей тамактарынан даам татышты.