Жибек Жолу көргөзмөсүндө Япония күнү болуп өттү

April 6, 2019, 06:00

Бүгүн Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Япония күнү болуп өттү. Көргөзмөнүн конокторуна алгач Япония өлкөсүнөн концерттик программа тартууланды, анда “ООЭДОДАЙКО” салттуу барабанчылары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү жана аларды КР маданиятынын отличниги, “NODO JIMAN 2016” сынагынын жеңүүчүсү Гүлүм Касымбаева жандуу ырлары менен улантты. Япония өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчиси Есихиро Ямамура сөз сүйлөп, КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаевага жана көргөзмөнүн уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди. Ал эми КР экс-Президенти Роза Отунбаева өз сөзүндө балдарга Жибек Жолу боюнча маалымат алууга абдан чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгилеп, ар бир өлкөнүн көргөзмөсүнүн стендтери менен дыкат таанышып, толук маалымат алууларын өтүндү.


Программа боюнча Япония менен тааныштыруу презентациясы болду. Андан соң япон элинин салттуу оюндары ойнотулуп, балдар япон ырларын ырдашып, бийлерин бийлешти. Балдар жана алардын ата-энелери япон тилинде “бакыт, тынчтык, аманчылык” деген сөздөрдү кагаз бетине тушь менен тартышты. Ошондой эле “600 дней веры” аттуу кино коюлуп, балдар үчүн анимациялык тасмалар көргөзүлдү.


Көргөзмөнүн бир тарабында япон элинин чай ичүү шаан-шөкөтү көрсөтүлүп, көргөзмөгө келгендердин баары чайдын даамын татып кетишти. Ошондой эле балдарга Кендо, Айкидо, Сумо жана Дзюдо боюнча мастер класстар көрсөтүлдү жана аларга башка да ар түрдүү улуттук оюндар, викториналар тартууланды.