2019-жылдын 5-апрелинде борбор шаарыбыздагы Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү Көргөзмөсү чоӊ аншлаг менен ачылды

April 5, 2019, 06:00

2019-жылдын 5-апрелинде борбор шаарыбыздагы Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү Көргөзмөсү чоӊ аншлаг менен ачылды.

 

Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат жана туризм министри А.К.Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигинин статс-катчысы А.Т.Омокеев, элчилер, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана башка расмий чакырылган коноктор, балдар жана ата-энелер катышышты.

 

Бул иш чаранын катышуучулары аталган Көргөзмөнүн биринчи көрүүчүлөрү болушту.