КДК мүчөлөрү эми электрондук почта менен иштешет

April 3, 2019, 06:00

Бишкек шаарынын он жаңы конушунун Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү кан басым боюнча маалыматты Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна электрондук почта аркылуу жөнөтүп турушат. Атайын КДК мүчөлөрүнө ылайыкталган документ аркылуу, кан басымды өлчөгөндөн кийин аны дароо смартфон же компьютер аркылуу жөнөткөнгө үйрөтүүчү окутуулар 15, 26, 27, 28, 29 марттарда өттү.


Окутууга “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен ЮНФПАнын “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбооруна кирген Бишкек шаарынын он жаңы конуштарынын КДК мүчөлөрү, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери, Бишкек шаардык ден соолукту бекемдөө борборунун өкүлдөрү катышышты.


Окутуунун максаты – тургундардын кан басымын мониторинг кылууда КДК мүчөлөрүнүн электрондук почта жана Гугл диск менен иштөөдө, маалыматты электрондук дарек аркылуу жөнөтүү боюнча билимин жогорулатуу.


Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Бактыгүл Токторбаева катышуучуларга жугуштуу оорулар жана аларды алдын алуу боюнча маалыматтарды берип өттү.


Окутууга катышкан Көлмө жаңы конушунун КДК төрайымынын орун басары Ордогүл Доскулова, мурун кан басым боюнча маалыматты дептерге жазып келишсе, эми ал маалыматты үйдөн эле смартфон аркылуу ҮДТ жөнөтүп туруш аябай жеңил болоорун айтып, буларга токтолду: Мобилдик технологияларды үйрөнүүгө мен өзүм аябай ынтызар болчумун. Бүгүн өз көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп үйрөндүм, аны КДК мүчөлөрүнө дагы үйрөтөм. Анткени мен жашаган көчөдө эле 6-7 КДК мүчөлөрү бар, биз ортодо өз ара жардам берүү тобу болуп дагы иштеп жатабыз. Менин азыркы милдетим, бүгүнкү үйрөнгөндү КДК мүчөлөрүнө үйрөтүш. КДК мүчөлөрү көбөйүп жатабыз, азыр 20 ашып калдык. КДКга жаңыдан кызыгып кирип, активдүү иштеп жаткандар эми байкалып башташты. Биздин конуштагы жашоочулардын КДК кылып жаткан ишке кызыгуусу эми күчөп жатат, жакында эле дүкөнгө барсам “Сиз кан басымды өлчөйт турбайсызбы, сизге барсак болот турбайбы” деп сурап калышты, мен аларга “Ар дайым эшик ачык, келип кан басымыңарды өлчөтүп тургула” деп жооп бердим.


Жеңиш конушунун КДК мүчөсү Айнура Кошалиеванын айтымында тургундар тарабынан мүчө болуп кирем дегендердин саны арбын, көбү студенттер болсо, көбү жеке ишкерлер экен.


“Тургундар тарабынан биз жасаган ишке кызыгуусу күчөп жатат, бирок жашоо шартыбыздын талабы башка болуп жаткандыгынан, баардыгы келип акчага такалып жатат. Көптөгөн кызыккандардын арасында студенттер, жеке ишкерлер бар. Алар атайын бул ишке көңүл бөлөйүн дешет, өкүнүчтүүсү ишин таштап да кое албайт. Биз мобилдик технологияларды жакшы өздөштүрдүк, бүгүнкү окутууга Фельдшердик-акушердик пунктунан медайымдар келгени дагы жакшы болду. Анткени, мен буга чейин эле ФАПка кан басым боюнча маалыматты электрондук дарек аркылуу кабыл алууну сунуштагам, бирок алар жумушунун көптүгүнө байланыштырышкан эле. Айткандарына болбой, электрондук даректерин алып бирдиктүү документке кошуп койгом, себеби, алар дагы кан басым боюнча маалыматты алып турушу керек да. Мындан ары система жакшы иштейт деген ойдомун, анткени алар бул окутуулар аркылуу, өз көздөрү менен көрүп, ал документ менен кандай иштешти өздөштүрүп калышты”, - дейт А.Кошалиева.


Бакай-Ата конушунун КДКнин теңтөрайымы сөздөрүн мындай деп баштады: “Өзүмдү кылсам жарыя, менин атым Мария Осмонова, этим Кочкор, сөөгүм Ысык-Көл, барган жерим Шаты, күйөмдүн аты Ырыскелди” деп. КДК мүчөлөрүнүн арасында ар кандай таланты бар адамдар эмгектенип келишет.


Ошол эле Бакай-Ата конушунун КДК мүчөсү болуп эмгектенген 82 жаштагы Кульсина Жаналиева смартфон, компьютер аркылуу электрондук почта менен документтерди жөнөткөндү өздөштүрүп жатат.


КДК теңтөрайымы Мария Төрөжанова волейбол боюнча спорттун мастери катары, теңтөрайым жана аксакалдар сотунун төрайымы катары эл арасында системалуу иш жүрүп жаткандыгын, кан басымын текшерүүгө алган адамдар абдан ыраазычылыгын билдирип жаткандыгын жана бүгүнкү окутууга да конуштан КДК мүчөлөрү көбүрөөк келгендигин баса белгиледи.