«Жибек Жолу» интерактивдүү Көргөзмөсү - көп түрдүү маданият аянтчасы

April 2, 2019, 06:00

2019-жылдын 2-апрелинде Борбор калаабыздагы Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 5-28-апрелде өтө турчу “Жибек Жолу” интерактивдүү Көргөзмөсү тууралуу журналисттер үчүн пресс-кофе болуп өттү. Бул иш-чара “Роза Отунбаеванын Демилгеси”Эл аралык Коомдук фонду тарабынан уюштурулду.


Пресс-кофеде жергиликтүү ММКлардын өкүлдөрү көргөзмө тууралуу кенен маалымат алышты.


Аталган иш-чарада КР Экс-президенти жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, аталган фонддун аткаруучу директору Д. Кендирбаева, “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун директору А.Асангулова, Г. Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт Музейинин директорунун орун басары С. Дайырова жана Тарых илимдеринен кандидаты, эксперт М. Иманкулов журналисттерге көргөзмөнүн жүрүшү, максаты жана иш-чара тууралуу негизги маалыматтарды берип, журналисттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.


Иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун демилгечиси, КР Экс-президенти Роза ИсаковнаКөргөзмөнүн идеясы тууралуу өз ойлору менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө иш-чаранын негизги максаты балдардын көз карашын жана аң-сезимин өнүктүрүүгө жана өзгөртүүгө багытталгандыгын баса белгилеп, “Жаштарыбыз, кийинки муун зирек жана билимдүү өссө мамлекет катары утушта болобуз. Андыктан мектеп курагындагы балдар үчүн иш-чаралар өтө маанилүү.Маданият деген музей. Музейдеги иш-чаралар мамлекеттик деңгээлде өтөт, бирок, балдардын кругозорун кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар болбойт. Ошол себептүү азыр кээ бир мектеп окуучулары керек болсо Нарын дарыясынын кайдан башталып, кайдан бүтөөрүн да билишпейт. Биз мунун моюнга алышыбыз керек. Андыктан бул иш-чаранын негизги максаты ата-энелер менен бирге мектеп окуучуларына адамзат цивилизациясынын өнүгүшүндө Жибек жолунун мааниси тууралуу маалымат берип, алардын таанып-билүүчүлүк ой чабытын өстүрүү болуп саналат” деп баса белгиледи.


Ошондой эле Р.Отунбаева жакын арада СаудАрабиясында болуп өткөн фестивалда Кыргызстандыктардын өз маданиятын, өнөрүн дүңгүрөтө көрсөтүп, дүйнө элин таң калтырып келгенин да сыймык менен айтты жана “Жибек жолу” Көргөзмөсү“Маданият төңкөрүшү” иш чарасынын алкагында болуп жатканын белгилеп өттү. Аны менен катар журналисттерге саясатка басым жасай бербестен, маданиятка жана маданият маселелерине тиешелүү берүүлөрдү дагы көбүрөөк даярдап, аларды бул тармакка олуттуу мамиле жасоого чакырып кетти.


Андан соң, тарых илимдеринин кандидаты, эксперт Мурат Иманкулов Жибек Жолу тууралуу фактыларга токтолуп, Жибек Жолу аркылуу компас, кагаз, дары ж.б Европага тарап тургандыгын, Жибек Жолу тарыхта сооданын жана маданияттын борбору болгонун айтып берди.


Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинин директорунун орун басары С.Дайырова “Жибек жолу” көргөзмөсүнүн балдарды тарбиялоодогу ролу чоң экендигин жана бул иш чара ириде үй-бүлөгө багытталгандыгына токтолду.


“Кийиз дүйнө” коомдук фондунун директору А. Асангулова жана эксперт Ч.Тентиева интерактивдүү көргөзмөгө болгон даярдыктар жана көргөзмөнүн интерактивдүү форматы жана башка өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берип өтүштү.


Иш-чаранын аягында “Роза Отунбаеванын Демилгеси” Эл аралык Коомдук Фонддун аткаруучу директору Д.Кендирбаева Көргөзмөнүн уюштуруу иши, даярдыктар, өнөктөштөр тууралуу жалпы маалымат берип, баардык ММК өкүлдөрүн иш-чаранын башталышынан жыйынтыкталышына чейин чагылдырып берүүгө жана Көргөзмө тууралуу маалыматтарды таратууга көмөк көрсөтүүгө чакырып кетти.