«Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болуп өттү

March 30, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы жолугушуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин табигый илимдер факультетинин студенттери, жаш окумуштуу-айымдары менен үстүбүздөгү жылдын 29-мартында болуп өттү.


Жолугушууда долбоордун координатору, Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун директору, Усупкожоева Анипа, долбоор тууралуу жана долбоордун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чаралар менен жолугушууга келген катышуучуларды тааныштырып өттү. “Бул долбоор 2018-жылдын апрель айында ишке киргизилип, көптөгөн иш чаралар өткөрүлүүдө. Айымдарды так илимдерге, инженердик кесипке тартуу максатында КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева демилге көтөрүп, мындай иш чаралар Фонд тарабынан 2015-жылдан бери ишке ашырылып келет. Долбоордун эң негизги максаты болуп, жаш кыз-келиндерге багыт берип, STEM багытында билим алууга үндөө болуп саналат. “Бир айымды тарбияласаң, улутту тарбиялайсың” деген учкул сөздүн чындыгы бар. Анткени айым билимдүү болсо, билимдүү балдарды тарбиялайт. Ал эми билимдүү балдар өз учурунда өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо алышат. Учурда Кыргызстанда айымдардын маселеси абдан актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Долбоордун алкагында «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагы түзүлүп, ал тармакка кошулуудагы жаш кыз-келиндерге жалпы көйгөйлүү суроолорду чечүүчү аянтча болуп саналат жана бүгүнкү катышуучулар ал тармакка мүчө катары кире аласыздар.”- деп долбоордун координатору Усупкожоева Анипа өз сөзүндө белгилеп өттү. Ошону менен бирге ал илим жана техника өнүкпөгөн мамлекетте экономикалык өнүгүү болбостугун, өнүккөн өлкөлөр SТЕМге абдан маани беришээрин жана биздин мамлекет дагы ушул суроого көңүл буруусу абзел экендигин кошумчалады.


Бул иш чарага сыйлуу конок катары техника илимдеринин доктору, профессор Садиева Анаркүл да катышып, катышуучуларды өзүнүн илимий жолундагы жетишкендиктери жөнүндө тааныштырып өттү. Ал өз сөзүндө “Мамлекеттин келечеги айымдардын колунда, анткени эне балдарын татыктуу тарбиялап билим берсе, ал мамлекетке кошкон эн чоң салымы болот.”- деп кыздарды билимге, илимге умтулууга чакырды.


Катышуучулар долбордун координаторуна, сыйлуу конокко берген кызыктуу суроолоруна жооп ала алышты. Ушул эле күнү «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кырктан ашуун студенттери мүчө катары жазылышты. Жолугушунун аягында иш чаранын уюштуруучулары катышуучулар менен биргеликте эстеликке сүрөткө түшүштү.