Чакыруу

March 29, 2019, 06:00

 

Урматтуу журналисттер, ММК жетекчилери жана өкүлдөрү, сиздерди 2019-жылдын 5-28-апрелинде өтө турган «Жибек жолу» интерактивдүү Көргөзмөсүнө арналган пресс-кафеге чакырабыз.


Чай үстүндө баарлашууда Интерактивдүү Көргөзмө, анын максаты, өзгөчөлүгү, мазмуну, катышуучулар жана башка кызыктуу учурлар тууралуу сиздерге кеңири айтып беребиз. Сиздер уюштуруучулардан, өнөктөштөрдөн жана эксперттерден өзүӊүздөр кызыккан бардык суроолорго жоопторду ала аласыздыр.


Пресс кафенин спикерлери Кендирбаева Догдуркүл – “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондунун аткаруучу директору, Асангулова Айдай – “Кийиз дүйнө” Коомдук фондунун директору жана эксперттер Тентиева Чолпон , тарых илиминин кандидаты Иманкулов Муратбек жана музейдин жетекчилиги.


Пресс кафенин өтө турган жери: Бишкек ш, Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейи, биринчи кабат , кино-зал

Датасы: 2 - апрель, 2019 -ж

Убактысы: 11.00-12.00

 

Катыша турганыӊызды бул байланыш даректери боюнча тастыктап коюуңуздү суранабыз: 0552 85 57 10 ; 0772 85 57 10