КР Экс-президенти Р.И. Отунбаева 2019 - Азия жана Тынч океан регионун туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун форумунун ишине катышып жатат

March 28, 2019, 06:00

КР Экс-президенти Р.И. Отунбаева 2019 – Азия жана Тынч океан регионун туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун форумунун ишине катышууда, ал 26-29-мартта Бангкокто өтүп жатат.

 

Форумда БУУнун Башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед, Таиланддын тышкы иштер министри Д.Прамудвинай, ушул региондогу өлкөлөрдүн башка министрлери сөз сүйлөдү. Р.Отунбаева кадыр-барктуу инсандардан турган, милдети БУУ ЭСКАТОнун (Азия жана Тынч океан региону боюнча БУУнун экономикалык жана социалдык комиссиясы) ишин оптималдаштыруу боюнча стратегиялык багыттарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу болуп саналган консультациялык топтун мүчөсү болуп саналат.