«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондуна Абхазиянын жаштар лидерлери келди

March 27, 2019, 06:00

Бишкек, 2019-жылдын 27-марты


Тажрыйба алмашуунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун офисинде Абхазия Республикасынан келген жаштар делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.


Делегациянын башында Абхаз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетинин деканы Алик Габелия, студенттер жана жаштар активисттери. Жолугушуунун жүрүшүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева фонд ишке ашырып жаткан демилгелер жана долбоорлор жөнүндө, ошондой эле фонд чыгарып жаткан китептер жөнүндө айтып берди. Делегация «Бишкек шаарынын 10 турак жай конушунда социалдык оорчулукту жеңилдетүү үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү», «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору», «Балдар филармониясы», «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар», «Мекендештер» форуму, Билим фестивалы, Жибек-Жолу көргөзмөсү, Билим кербени, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» деген сыяктуу долбоорлор жөнүндө маалымат алды.


Жолугушуунун катышуучулары фонд ишке ашырып жаткан бардык долбоорлорго зор кызыгуусун билдирди, анткени бул жолугушууга чейин алар фонддун ишин саясий иш катары гана элестетип келген.


«Эгерде буга чейин бизде фонддун иши саясатка багытталган деген түшүнүк болсо, эми мен силердин ишиңер канчалык кеңири экенине өтө таң калып олтурам. Бизде көптөгөн окшош көйгөйлөр бар жана фонддун тажрыйбасынан алынган, биз бүгүн таанышкан көптөгөн демилгелерди биздин өлкөдө да ишке ашырууга болот. Силер аткарып жаткан демилгелер биздин элибизге да өтө пайдалуу болот. Мен жеке өзүм үчүн Абхазияда колдонууга боло турган айрым долбоорлорду белгиледим. Мага белгилүү инсандарды көрсөтүү аркылуу жалпы адамзаттык баалуулуктарды алга илгерилеткен китептер абдан жакты. Мен негизинен жаштар менен иштегендиктен, мага Кыргызстан жөнүндө китеп абдан жакты, бул өлкөнүн географиясы жөнүндө баяндаган мыкты китеп. Мындай китепти биздин өлкөдө өзүбүздүн эне тилибизде чыгарууга болот. Катышып жаткан бардык студенттер үчүн бул жолугушуу өтө пайдалуу болду, биз көптөгөн баалуу маалыматтарды алдык, биз үйрөнө турган нерселер бар деп ишенем», - деп белгиледи делегациянын мүчөсү Ася Санасян.