КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева Чыгаан айымдар үчүн Кувейт сыйлыгына ээ болду

March 22, 2019, 06:00

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева Кувейт мамлекетиндеги "Дүйнөдөгү чыгаан аялдар үчүн Кувейт Премиясы" сыйлыгына татыктуу болду. Чыгаан Айымдар үчүн Кувейт Сыйлыгы (ЧАКС) Кувейт мамлекеттик жана жеке сектордук, жарандык коом жашоосунун сапатынын өнүгүүсүнө чыгаан айымдардын кошкон салымын баса белгилейт. ЧАКС чыгаан айымдарды гана сыйлоо менен чектелбейт, ал коомдун башка мүчөлөрүн да булардан үлгү алуусуна өбөлгө боло алат.


Чыгаан Айымдар үчүн Кувейт Сыйлыгы Эл аралык деңгээлде Кувейттин позициясын “Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” тармагында бекемдөө менен туруктуу өнүгүү жолунда бардык аял кыз-келиндердин гендердик укуктарын кеңейтүү болуп саналат.


Бул – эл аралык сыйлык жыл сайын 8-март эл аралык айымдар күнүнө карата үч баскычтагы: мамлекеттик, жеке жана жарандык коомдогу чыгаан айымдарга ыйгарылат.


ЧАКС биринчи сыйлык тапшыруу аземи Кувейт Эмири Шейх Сабах Ал-Ахмад Ал-Жабер Aль-Сабахтын колдоосу астында өттү.


Сыйлык ириде өзүнүн ишинде инновациялык жана чыгармачыл ыкмаларын көрсөтө алган, коомдун туруктуу жана позитивдүу өнүгүүсүнө салым кошкон, кылган эмгеги үчүн атак-даңкка ээ болгон жана стратегиялык көз карашы бар айымдарга тапшырылат.

 

Белгилей кетсек, Кувейт өлкөсүндөгү иш сапар учурунда Р.Отунбаева Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик министр Маряьм Аль-Акил, Эмирдин кеңешчиси, Ыслам Эл аралык кайрымдуулук уюмунун төрагасы, доктор Абдалла Аль-Матук, Кувейт университетинин ректору, доктор Хусейн Аль-Ансари менен жолугушту.