Ак-Талаа районундагы «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» алты боз үй берилет
March 22, 2019, 06:00Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлоруна” райондук жайыт департаменти алты боз үй, күн-шам чырактары менен берет. Бул тууралуу 2019-жылдын 15-мартында Ак-Талаа районунда “Жайыттарды башкаруу жана колдонуу, инвестиция тартуу, келечек план-2019” темасындагы тегерек столдо айтылды.
Тегерек столду райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы уюштуруп, райондун өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ири коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Билим берүүнүн Сапат менеджмент борборунун директору Ильмира Шерматова маалымдагандай, иш-чаранын жүрүшүндө балдарды жаңы нукта өнүгүүсүнө аракет кылып, ийгиликтүү долбоорлорду иш жүзүнө ашырып жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берилип, кызуу талкууну жараткан.
“Райондук жайыт департаменти “Жайлоо өнүгүү борборлорун” уюштурууга алты боз үй, күн-шам чырактары менен сатып алгандыгын айтышты. Райондук токой чарбасы борборлорду отун менен камсыздоого, “Кыргыз жайыты” Ассоциациясы бир борборго демөөрчү болуп, канцелярдык товар менен камсыздоого убада кылды. Жайыт комитетинин өкүлдөрү Райондук билим берүү бөлүмүнө тамак-аш боюнча сметаны эрте берүүнү сунушташты. Коомчулуктун “Жайлоо өнүгүү борборлорун” ийгиликтүү уюштурууга аракет кылып жатканы бизди кубандырды”, - деп билдирди И.Шерматова.
Иш-чаранын максатынын бири “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” деңгээлин көтөрүү болгондуктан, Түркия мамлекетине мектепке чейинки билим берүү системасы менен тажрыйба алмашуу сапарына барып келген Нарын районунун Жалгыз-Терек айылындагы бала бакчанын жана “Жайлоо өнүгүү борборунун” башчысы Гуланда Мусуралиева 2019-жылдын 17-23-февралдарындагы иш сапар тууралуу катышуучуларга кене маалымат берди.
Ошондой эле Ак-Талаа районундагы “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” тарбиячыларына семинар өткөрүү да пландалды.
Тегерек столдун катышуучулары “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун, балдардын келечеги үчүн жасап жаткан ишине терең ыраазычылык билдиришип, Ак-Талаа районудук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын атынан фондко ыраазычылык кат берилди.