«КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрү тармактын ишин активдештирүү маселелерин талкуулады
March 7, 2019, 06:006-мартта саат 13.00дө И.Раззаков атындагы КМТУда АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ишке ашырып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуунун максаты тармактын ишин активдештирүү маселелерин талкуулоо болду.
Тармактын мүчөлөрүнүн жолугушуусун «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун координатору А.А. Усупкожоева саламдашуу сөзү менен ачты. Саламдашуу сөзүнөн кийин тармактын ишинин маселелерин талкуулоо башталды.
Талкуунун жүрүшүндө "SocialShopWave" IT-компаниясынын контент-маркетинг боюнча менеджери Наргиза Мендекеева тармактын мүчөлөрүнө STEM жагындагы ийгиликтүү айымдар менен мотивациялык жолугушууларды, мектептеги окуучу кыздар үчүн тематикалык олимпиадаларды, программалоо боюнча тренингдерди, гранттарга эл аралык уюмдарга өтүнмөлөрдү жазуу (берүү) боюнча окутуучу семинарларды өткөрүүнү сунуш кылды.
“TravelHub” ЖЧКнын башкы директору Елена Чигибаева «КР айымдары STEM’де» тармагынын болушунун зарылчылыгын белгиледи, Technovation Challenge конкурсу жөнүндө, өзү бүтүрүүчүсү болуп саналган TechWomen программасы жөнүндө, Бишкек шаарынын IT-компанияларында стажировалардан өткөрүү аркылуу региондордон келген кыз-келиндерге алдыңкы технологияларга жеткиликтүүлүктү берүү максатын көздөгөн жаңы TechАйым (TechWomen’дин аналогу) программасын ишке киргизүү жөнүндө айтып берди жана тармактын мүчөлөрүн TechАйым программасында ментор, волонтер болууга чакырды.
Өз кезегинде, И.Раззаков атындагы КМТУнун чет тилдер кафедрасынын башчысы Айнура Чокморова тармактын мүчөлөрү үчүн базалык, техникалык англис тилинин сабактарын өтүүгө өзүнүн даярдыгын билдирди.
Ошондой эле бул жолугушууда «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын IT-адиси Назгуль Кабылбаева «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору жөнүндө презентация жасады жана каалагандарды волонтер болууга жана мобилдүү технологияларды өздөштүрүүгө улуу муунга жардам берүүгө чакырды.
Маселелерди талкуулоого «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрү, инженер-биотехнологдор, IT-компанияларынын, робототехника боюнча студиялардын өкүлдөрү, инженер-биотехнологдор, табигый-илимий сабактардын окутуучулары, техникалык адистиктердин студенттери катышты.
Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тармактын мүчөлөрүн кызыктырган чөйрөлөр аныкталды, ошондой эле тармактын иши боюнча идеяларды чогултуу жана аларды кийинки жолугушууда талкуулоо чечими кабыл алынды, жолугушуу 15-мартта саат 16.00дө И.Раззаков атындагы КМТУда (1-211-ауд., башкы корпус) өтөт.
Тармактын ишине кошулууну каалагандар үчүн өзү (Ф.А.Ж., байланышуу, окуган/иштеген жери) жөнүндө маалыматтарды 2019-жылдын 13-мартына чейин ipf.initiative@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүүнү өтүнөбүз.