Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

March 23, 2019, 06:00

2019-жылдын 5-28-апрелинде Г. Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө көрүүчүлөрдүн баарына арналган.


Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул болсо адамдар жана элдер ортосундагы урмат-сыйды, достукту бекемдеп, соода-сатыктын жана туризмдин өнүгүшүн камсыздайт.



  • Кыргызстан - Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Соода кербендери өлкөбүздүн Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб, Барскан, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдагы шаарлары аркылуу өткөн.


  • Дегеле, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн жайгашкан аймагы,географиясы, маданияты, каада-салты жана үрп-адаттары тууралуу балдарга азыртадан үйрөтүү чоң мааниге ээ. Алар окуу куралдары менен гана чектелип калбоосу керек. Көзү менен көрүп, колу менен кармап, өзү аралашып үйрөнүп алган билим баланын эсинде түбөлүк калат. Тактап айтканда, көргөзмөгө келгендер тигил же бул өлкө кайсы жерде жайгашкан, анын био-маданий өзгөчөлүктөрү, суу ресурстары жана пайдалуу кендери, ал өлкөдө күн кечирген этностук улуттар жана алардын маданияты, улуттук баалуулуктары, улуттук кийим-кечеси, кичинекей балдардын оюндары, бийлери жана ырлары тууралуу көптөгөн маалыматтарга ээ болушат.


  • Көргөзмөгө Кыргызстан, ошондой эле Жибек жолундагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азарбайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Япония, Түштүк Корея, Пакистан, Афганистан жана Россия Федерациясы өлкөлөрүнүн элчиликтери катышып жатат. Көргөзмөнүн жүрүшүндө ар бир өлкөгө бир күндөн атайын бөлүнүп берилген. Ошол күнү өлкө өзүнүн программасы менен катыша алат, ар бир мамлекет өз өлкөсүн толук таанытууга аракет жасайт.


  • Көрүүчүлөр Улуу Жибек жолунда ташылган жибек, шайы, күрүч,чайлар, татымалдар (специи) менен да тааныша алат. Ар түрдүү этностордун маданиятын, салттарын, оюндарын көрүшөт, ырларын ырдап, бийлерин бийлей алышат. Кызыктуу болгон көптөгөн интерактивдүү аянтчалар иштейт. Мисалы, узуну 8 метр, туурасы 2 метр кийиз кесиндилеринен жасалган пазл - “Жандуу географиялык картаны” алар колу менен кармап көрүп, өздөрү да картаны кураштырса болот. Жибек жолундагы бардык өлкөлөр жөнүндөгү элестүү маалыматты ала алышат.


  • Иш-чара түрдүү мастер-класстар менен коштолот. Мисалы, Кытай күнү- каллиграфия, кайчы менен оюу кесүү, Япония күнү - чай куюу жөрөлгөсү, оригами жасоо , Кыргызстандын күнү - кийиз басуу, андан буюмдарды жасоо, ал эми Өзбекстан күнү – керамикадан буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар болот. Ошондой эле Чыгыштын жоокердик искусствосу: кун-фу, каратэ, айкидо, көркөм гимнастика боюнча да мастер класстар көрсөтүлөт.


  • Балдар адабиятына өзүнчө бир күн арналат. Бул күнү уюштурулган баардык иш-чаралар балдарды жана жаштарды китеп окууга үндөйт. "Жылдыздар балдарга китеп окуйт" акциясында балдар заманыбыздын белгилүү жазуучулары менен жолугуша алышат. Кино залда куурчак театры коюлат.


  • Көргөзмө “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фонду тарабынан “Кийиз дүйнө” коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлүп жатат.


  • Иш чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги , ЮНЕСКО Улуттук комиссиясы, Г.Айтиев атындагы Көркөм Өнөр сүрөт Музейи, Мегаком компаниясы колдоо көрсөтүүдө. Ал эми Бишкек шаарындагы Кыргызстандын бир канча алдыӊкы жогорку окуу жайлары, “Алтын түйүн” балдардын инженердик-техникалык Академиясы, “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору, “Балажан” республикалык окуу-методикалык борбору, Кыргызстан Калктарынын Ассамблеясы Көргөзмөнү өткөрүүгө өнөктөш болууда.


Көргөзмөгө колдоо көрсөткүсү жана өнөктөш болгусу келген мекемелер дагы кошулуп жатышат.


P.S: Эскерте кетсек, көргөзмөнүн жүрүшүндө ар бир күндүн иш чараларынын программасы алдын ала Музейдин кире беришине илинип коюлат. Ошондой эле Көргөзмөгө карата даярдыктын жүрүшү жана Көргөзмө учурундагы программалар тууралуу маалыматтарды www roza.kg сайтынан да көрүп турсаӊыздар болот.

Байланыш: 0772 85 57 10