КР ЖК депутаты Эмил Токтошев балдарга китеп окуп берди
March 11, 2019, 06:00Үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Эмил Токтошев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштуруп келе жаткан, китеп окуп берүү акциясынын алкагында Бигкек шаарындагы №91 мектепте балдарга залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү окуп берди. Аталган чыгарманы китеп окууга ынтызар болгон 200 дөн ашууни окуучулар өтө кунт коюп, зор кызыгуу менен угушту.
Эл өкүлү балдар менен биргеликте китепте айтылган ойду талкууга алды. Китептин негизги идеясы жаратылышты коргоо, адамдарды гумандуулукка үндөө болуп эсептелингендиги, ошону менен бирге эле чыгармада улуу муун менен кичүү муун ортосундагы мамиле өтө кызыктуу маанайда ачып берилгендиги тууралуу кенен баарлашуу болду.Чыгармадагы баш каармандын окууга болгон кызыгуусу жана чоң атасынын айтып берген жомоктору тууралуу эпизоддор китепти угуп жаткан балдарда өзгөчө таасирлерди жаратты.
Иш-чаранын аягында долбоордун сыйлуу коногу Эмил Токтошев окуучуларга китеп белек кылды.
Эскерте кетсек, аталган демилгенин максаты – коомчулуктун көңүлүн окуу маданиятын алга жылдырууга буруу, балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн калыптандырууда китептин баалуулугун көрсөтүү, китеп окуу муктаждыгын жаратуу жана компьютердик көз карандылыктан алаксытуу.