КР экс-Президенти Роза Отунбаева балдарга китеп окуп берди

March 4, 2019, 06:00

2019-жылдын 1-март күнү Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы китепканада Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева балдарга китеп окуп берди.


Р.Отунбаева окуп берген Ч.Айтматовдун “Балалыгым” чыгармасы, С Жусуевдин ырлары, “Балерина” жана “Кыргызстанды кыдырабыз” китептери балдарда чоң кызыгууну жаратты. Ар бир китеп тегерегинде алар менен баарлашуу болду. С.Жусуевдин “Шаар тартиби” ырынын бүгүнкү күндөгү маанисине чогуу токтолушту. Р.Отунбаева балдарга кайрылып: “Биз чоӊ шаарда жашап жатабыз, анда тартип болуш керек, тартипти кармасаӊар узак жана коопсуз жашайсыӊар” деди.


Ошондой эле Р.Отунбаева балдардын суроолоруна жооп берип жатып Ч.Айтматовдун “ Биринчи мугалим”, “Кылым карытаар бир күн”, “Тоолор кулаганда” чыгармалаары абдан жагаарын, кичинекей кезинде доктур болууну кыялданганын, кыргыз, орус, немис, польша, француз, англис тилдерин билээрин айтты. Балдарды көп окууга, англис тилин суудай сүйлөөгө, коньки, лыжа тепкенди кичине кезден үйрөнүүгө жана аракетчил болууга чакырды, аларга Кыргызстанды түрө кыдырып, анын тарыхый, маданий жерлери менен таанышууну сунуштады.


Белгилей кетсек, “Кыргызстанды кыдырабыз” жана “Балерина” китептери, ошондой эле С.Жусуевдин “Тоо жаңырткан чагылган” китеби “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фонду тарабынан даярдалып, жарык көргөн.


Жолугушуу соңунда КР экс-Президенти Р.Отунбаева балдарга англис тилинде каалоо айтып, чогуу сүрөткө түшүштү.