Бишкекте журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү
March 1, 2019, 06:002019-жылдын 28-февралында борбордогу отелдердин биринде журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү.
Окутууну «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (БУУ ФАО) колдоосу менен уюштурду.
Тренингдин негизги милдети азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу темасын чагылдырууда ЖМКнын кызматкерлеринин кесиптик өсүшүнө көмөктөшүүдө турду. Баарынан тышкары, бул семинар азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча ЖМКнын өкүлдөрү жана адистер үчүн дискуссиялык аянтча болду, ал жерде кесиптештер кызыктырган суроолорду бийлик органдарына берди жана талаш маселелерди эксперттер менен тактады.
Иш-чарага Кыргызстандын бардык алдыңкы ЖМКларынын өкүлдөрү, анын ичинде региондук журналисттер катышты.
Иш-чаранын ачылышында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдургуль Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев жана БУУ ФАОнун долбоорунун координатору Марлен Тыналиев саламдашуу менен сөз сүйлөдү. Өз сөздөрүндө алар азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин журналисттер кесипкөй чагылдырышынын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун өзгөчө белгиледи.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун темасын чагылдыруунун актуалдуулугу жөнүндө, экономикалык, социалдык жана билим берүүчү аспекттер жөнүндө, материалдарды даярдоо учурунда ачык маалыматтар менен иштөөнүн принциптери жөнүндө көп маалымат алды.