Педагогдого жана кызыкдар ата-энелерге эске тутууну жана китепти тез окууну өнүктүрүү методикаларына арналган лекторий өткөрүлдү

March 1, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана И. Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасы «Академия Роста» инновациялык өнүктүрүү борбору менен бирдикте 2019-жылдын 27-февралында брифинг-аянтчанын ишинин алкагында эске тутууну жана китепти тез окууну өнүктүрүү методикаларына арналган лекторийди өткөрдү.

 

Ага мектепке чейинки, башталгыч, мектептеги билим берүү системасынын кызматкерлери, ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринин студенттери жана кызыкдар ата-энелер катышты.

 

Иш-чаранын алкагында интерактивдүү форматта «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» китебинин презентациясы өттү. Андан соң катышуучуларга алдыдагы Билим фестивалы жөнүндө айтып беришти.

 

Андан кийин мастер-классты уюштуруучулар эйдетиканы (бул – эске тутууну өнүктүрүү, образдуу ой жүгүртүү жана китепти тез окуунун ылдамдыгы) талкуулады, китеп окуунун ылдамдыгы жагынан тестирлөөнү өткөрдү, ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооп берди.