«КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өтөт

February 28, 2019, 06:00

6-мартта саат 13.00дө И.Раззаков атындагы КМТУда (1-211-ауд., башкы корпус) «КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп  өтөт.


Жолугушуунун максаты – тармактын ишин жакшыртуу маселелерин талкуулоо, анын ичинде төмөнкүдөй маселелер:

• Тармактын ишин кантип активдештирүү керек?

• Тармактын ишин кантип ар бир мүчө үчүн пайдалуу кылуу керек?

• Тармактын кийинки жолугушуусунда кайсы маселелер талкууланат?


Тармактын ишин талкуулоого «КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын мүчөлөрү, ошондой эле тармакка кошулууну каалаган кыз-келиндер, адистер жана, албетте, илимий, техникалык жана инженердик адистиктеги студенттер чакырылат. Тармакка катышуу достук байланыштарды түзүүгө, тажрыйба жана билим алмашууга, STEM жагынан кесипкөй өсүш үчүн жүйөнү арттырууга жардам берет.


Жолугушууга катышуу үчүн каттоодон өтүүнү жана өзү жөнүндө маалыматты (Ф.А.Ж., байланыш, окуган/иштеген жери) ipf.initiative@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүүнү өтүнөбүз.


Жолугушуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ишке ашырып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.


Кең-кесири маалыматты 0312663538, 0555821504 телефондору боюнча билүүгө болот.