«50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору волонтерлорду издейт
February 28, 2019, 06:00Достор, биз «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору үчүн волонтерлорду топтоону жарыялайбыз
«50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору – бул биздин улуу муундарыбызга: чоң ата жана чоң энелерге смартфондун функцияларын пайдаланууну үйрөнүүгө, социалдык тармактар аркылуу баарлашууга, ошондой эле телефон аркылуу электрондук почтаны пайдаланууга жардам.
Биз улуу муунубузга мобилдүү технологияларды өздөштүрүүгө жардам берүүнү каалаган жаш жана күч-кубаттуу адамдарды издеп жатабыз. Эгерде силер мектепте же университетте окуп жатсаңар, анда дал силер биз издеп жаткан адамсыңар. Иш тажрыйбасы – смартфонду пайдалануу жөндөмдөрү.
Бул долбоорду ишке ашырып жаткан «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ – бул уюм, ал жерде силер адамдар ортосундагы баарлашуу тажрыйбасын алып жана биздин улуу муунда санариптик булактар менен иштөө жөндөмдөрүн жакшыртып, келечекте мобилдүү технологиялар боюнча машыктыруучу болуп кала аласыңар.
Долбоор жагынан иштин башталышы: 2019-жылдын 5-марты.
Каалагандардын бардыгын өзү, ФАЖ, WhatsApp менен байланышуу телефондору жөнүндө кыскача маалыматты knazgul.ipfroi@gmail.com электрондук почтасына жазууну өтүнөбүз.
Бардык маселелер боюнча төмөнкү телефонго чалгыла: 0505031975, Назгуль.