SТЕМ - 2019 кышкы мектеби аяктады

February 27, 2019, 06:00

И.Раззаков атындагы КМТУда SТЕМ – 2019 кышкы мектеби аяктады, аны «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ КГТИ менен бирдикте Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (ДААД) жана ФРГнын КРдагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурган. Кышкы мектептин алкагында борбордун мектеп окуучулары инженердик билим дүйнөсүнө жуурулушту.

 

Мектеп программасына КГТИге даярдоонун бардык багыттары боюнча мастер-класстар, немец жана англис тилдерин окутуу киргизилди. «Биомедициналык инженерия» багыты боюнча кышкы мектептин катышуучулары медициналык жабдуунун ар кандай түрлөрү менен иштөө боюнча мастер-класска катышты, «Логистика» багыты боюнча катышуучулар логистиканын негиздерин, ошондой эле КРда логистикалык системаны өнүктүрүүнүн келечектерин билди, «Телематика» багыты боюнча катышуучуларга «Arduino платформасында долбоорду түзүү жана аларды мобилдик тиркеме аркылуу башкаруу» темасына мастер-классты көрсөтүштү.

 

Материалдын түктүү курамын аныктоо боюнча методдор жана бодо малдын терисинен ар түрдүү буюмдарды жасоо ыкмалары көрсөтүлгөн «Текстилдин жана теринин технологиясы», ошондой эле кыздарга тамактануу азыктарынын тамак-аш технологиясы боюнча лабораториялык иштер көрсөтүлгөн «Тамак-аш технологиясы» багыты боюнча мастер-класстар кыздарда зор кызыгууну пайда кылды. Мектеп окуучулары «Машина куруу» жана «Электр энергетикасы» сыяктуу жалаң гана техникалык багыттарга өтө кызыкты. Алсак, «Машина куруу» багыты боюнча кафедранын улук окутучутары А.А. Айнабекова менен У.М. Дыйканбаева 3D-принтердин иштеши боюнча мастер-классты жана куюу өндүрүшү боюнча лабораториялык иштерди өткөрдү.

 

«Электр энергетикасы» багыты боюнча катышуучулар электр техникалык жабдуу менен иштей алды, анын аркасында бул кесипке кызыгуу өстү. «Полиграфия» багыты боюнча мектеп окуучуларына басма өндүрүшүнүн технологиясы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилди. Немец жана англис тилдери боюнча сабактарды немец тили борборунун жетекчиси Ш.Т. Токтосунова, «Чет тил» кафедрасынын башчысы А.М. Чокморова, ошондой эле улук окутуучу А.К. Кулунова өткөрдү.

 

Кышкы мектеп аяктагандан кийин КГТИнин директору жана «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун координатору А.А. Усупкожоева бардык катышуучуларга сертификаттарды тапшырды. Өз кезегинде А.А. Усупкожоева бул мектепке максатты өтө көздөгөн мектеп окуучулары катышты деп белгиледи. Ал катышуучуларга кесипти туура тандоону, өз өлкөсү үчүн пайдалуу болуп калууну каалады, ошондой эле SТЕМ жагындагы билим келечектүү жана келечек муун үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү берет деп баса белгиледи.

 

Эске сала кетсек, кышкы, жазгы жана жайкы STEM мектептери 2015-жылдан бери «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан өткөрүлүп келатат. Долбоордун алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын аркасында техникалык адистиктерге тартылган мектеп окуучуларынын саны жыл өткөн сайын өсүп жатат.