Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг

February 21, 2019, 06:00

19-20-февралда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарындагы 10 жаңы конуштун МАБ башчыларына, адистерине, мектеп мугалимдерине, мектеп парламенттеринин мүчөлөрүнө, активисттерине, жаш лидерлерине долбоор иштеп чыгуу боюнча тренинг өткөрдү.

 

Окутуунун максаты – жаш лидерлерди, активисттерди жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн долбоорлорду иштеп чыгууга үйрөтүү.

 

Тренингдин биринчи күнүндө катышуучулар алгач гендердик теңсиздик жана тынчтыкты куруу жөнүндө маалымат алышып, андан соң катышуучулар долбоор иштеп чыгуунун жолдорун, тактап айтканда, кѳйгѳйдү аныктоо жана түзүү, муктаждыктарды баалоо, маалыматты чогултуунун ыкмалары, проблемаларды туура коюу үчүн критерийлер, долбоордун максатын жана милдеттерин түзүү боюнча топ-топко бөлүнүп иштеп, акырында натыйжаларды жалпы талкуулашты.

 

Тренингде коомдук фонддорду, бирикмелерди, жеке ишканаларды ачууда мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча юридикалык кеңештер берилди.

 

Тренингдин экинчи күнүндѳ Бишкек шаардык кеңешинин кызматкери Чолпон Джаркинбаева долбоор жазуудагы стимгранттар, Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигине сунушталчу долбоордун формасы кандай болушу керектигин, конкурска катышуунун критерийлерин, долбоордук сунуштамага тиркелчү документтер тууралуу айтып берди.

 

№14 МАБтын башчысынын орун басары Азат Төлөкулов “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында ынтымакты бекемдөө боюнча МАБка караштуу Жеңиш, Көлмө жаңы конуштар кошулгандыгын жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун демилгеси менен Жеңиш конушунун спорт залында ремонт иштери жүргүзүлүп, жабдуулар алынып берилгендигин айтып, “Ынтымактуу конуштар” долбооруна кирген жаш активисттердин долбоор жазып, аны утуп алгандыгын чоң жетишкендик катары баалады.

 

№3 МАБтын жетектөөчү адиси Бакай Узбеков тренингден долбоор жазууну жалпысынан түшүнгөндүгүн жана буга чейин, гранд, донорлор боюнча маалыматы жок болгондугун билдирди.

 

“Жаштар коому кандай иш алып барып жаткандыгы тууралуу толук мааалымат алдым. Эгер жаштардын тобу МАБка долбоор жазуу боюнча кайрылышса, биз аларга тренингден алган жана билген тажрыйбабыз менен бөлүшкөнгө даярбыз”, - деп белгиледи Б.Узбеков.

 

Жаш лидерлердин бири Эне-Сай жаңы конушунун тургуну Рабия Аширалиева учурда жаштарга көңүл бурулуп, аларды ар тараптан өнүктүрүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып, мындай демилгечил уюмдардын бири “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду экендигин баса белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду: “Бул долбоор бизге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Дегеле бир уюм келип, силер ушул нерселерге үйрөнгүлө, алар пайдалуу деп биз үчүн буга чейин күйгөн эмес. Долбоор аркылуу ар бирибиз конушубузда жаш лидер болдук, артыбызда бизге ишенген көптөгөн эл бар. Ошол ишеничтерди актайлы деген максатта долбоор жазып гранд утуп алдык. Атайын өтүлгөн тренингдерден конушубуздагы дегеле жашообуздагы көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө үйрөндүк. Бүгүн Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги келип, маалыматтарды берип, мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти. Бул маалыматтар дагы өтө маанилүү. Мурун жаштарга болгон ишеним аз болсо, азыр конушта бизге болгон ишеним күчөдү, жаштар дагы чечкиндүү болуп калдык десем жаңылышпайм”.

 

Маалымат үчүн: Тренинг “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан, ЮНФПА Кыргызстандын колдоосу менен өткөрүлдү.