Кыргызстандыктар Түркиянын мектепке чейинки билим берүү системасы менен тажрыйба алмашуу максатында сапар тартышты

February 21, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Түрк дүйнөсү шаарлар бирлигинин колдоосу менен “Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлору” долбоорунун өрнөктүү өнөктөштөрүн, педагогдорун Туркиянын билим берүү системасы менен таанышуу, айрыкча айыл жериндеги кенже курактагы балдарды өнүктүрүү тажрыйбалары, инновациялык жетишкендиктери менен таанышуу максатында 17-февралда Түркүя мамлекетине сапар тартышты.

 

Делегациянын курамында бала бакчалардын жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, адистери, мектеп директорлору, ЖОЖ окутуучулары, методисттерди камтып, жалпы 12 адамдан түзүлдү. Делегацияны “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Д.Ш., жетектөөдө.

 

Программанын биринчи күнүндө Коджаэли шаарынын “Гүлбахар Хатун Анаокулу” бала бакчасында болушту. Делегациянын мүчөсү, Жайлоо бала бакчасынын мугалими Аксана Молдалиеванын билдирүүсү боюнча аталган бала бакча 200 орунга ылайыкташтырылып салынып, учурда 150 бала, 2 смен менен тарбияланып жатат.

 

“Бала бакча замандын талабына жооп бере тургандай салыныптыр. Учурда 150 бала, ар бир тайпада 15-18 баладан тарбияланып жатыптыр. Бала бакча 2 смен менен иштейт, эртең менен үч тайпага, үч мугалим беш сааттан окутушат. Ал эми түштөн кийин үч тайпага, үч башка тарбиячылар келет. Бала бакчасында бизди эркек тарбиячылардын болгону таң калтырды. Бизден айырмаланып, булардын негизги максаты, балдарды өнүктүрүү жана коомдук жашоого аралашууга, даярдоого басым жасашат экен. Бул бала бакчанын дагы бир өзгөчөлүгү, уктоочу бөлмөнүн жоктугу. Анткени, баланы тамак аш жана уктоо муктаждыктарын ата-энелер камсыз кылышы керек”, - деп билдирди А.Молдалиева.

 

Кийинки сапар ошол эле шаардын “Erturul Gazi” бала бакчасында уланды. Бул бала бакчанын таасири Кыргызстандыктар үчүн өзгөчө болду.

 

“Мамлекет тарабынан баардык шарттар түзүлүптүр. Бул да балдардын өнүгүүсүнө чоң таасир этерине күбө болдук. Бала бакчада тарбияланып жаткан 4-5 балдар ар кандай оюндар менен өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү”, - деп билдирди А.Молдалиева.

 

Түркияда тарбиячыларды ишке кабыл алуу мамлекет тарабынан конкурстук жана келишимдик негизде жүргүзүлөт.