Бишкекте жаштар лидерлери жана жергиликтүү коомчулуктун активисттери менен бир катар жүйөлөштүрүү жолугушуулары өттү

February 13, 2019, 06:00

Бишкек шаарынын «Жеңиш» жана «Ак Ордо» турак-жай конуштарында жаштар лидерлери жана жергиликтүү коомдоштуктун активисттери менен бир катар жүйөлөштүрүү жолугушуулары өттү.

 

Жолугушуунун темасы: Мезгил менен үзөңгүлөш жүрүү, турмушту өз колуң менен куруу!

 

Иш-чаралар «Турак-жай конуштарында тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоор өзүнө жаштар компонентин камтыйт, анын максаты жаштар үчүн орчундуу маселелерди, анын ичинде өнүгүүнүн инклюзивдик процесстерин приоритеттештирүү жана чечүү үчүн жаштар топторунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана потенциалын жогорулатуу, коомдоштукта тынчтыктын жана ынтымактын дөөлөттөрүн алга илгерилетүү, чыр-чатактардын алдын алуу жана 10 максаттуу коомдоштукта социалдык оорчулукту төмөндөтүү болуп саналат.

 

Катышуучулар Биринчи Май районунун «Жеңиш» турак-жай конушундагы жаштар тобунун демилгеси боюнча оңдолгон жана жабдылган спорттук залга барды. Аларга спорттук залдын иши жөнүндө айтып беришти, ошондой эле долбоордун катышуучуларынын чакырылган коноктор менен диалогу өткөрүлдү.

 

Түштөн кийин Ленин районунун «Ак Ордо» турак-жай конушундагы №96 орто мектептин жыйын залында жогоруда аталган долбоордун жаш катышуучулары менен жүйөлөштүрүлгөн жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун учурунда долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат, жаштар лидерлеринин жеке окуялары, ошондой эле өнүктүрүүнүн жаштар приоритеттеринин интерактивдүү презентациялары: билим берүү, спорттук эс алуу, экология, коопсуздук – жаштар активисттеринин окуяларынын призмасы аркылуу угулду. Ошондой эле КР Президенти жарыялаган Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында Фонддун «50+ адамдар үчүн мобилдик технологиялар» демилгесинин жана өлкөнү санариптештирүүнүн презентациясы болду жана «Ынтымак» видеоролиги көрсөтүлдү.

 

Иш-чаранын максаты чечим кабыл алуучу адамдар менен диалог үчүн жаштар лидерлерине аянтчаны уюштуруу болду.

 

Жаштар лидерлери жана активисттери суроолорду активдүү берди. «Жеңиш» турак-жай конушунун жаштар активисттеринин лидери Үсөн кызы Эрмек көп чет тилдерди билген адам катары Роза Исаковнага кайрылды жана жаштарга чет тилдерди кантип үйрөнүү керектиги жагынан кеңеш берүүнү өтүндү.

 

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева Кыргызстанда прогресс жай темп менен жүрүп жатат деп белгиледи.

 

«Кытай соңку 40 жылдын ичинде өзүнүн 800 млн кишисин кедейликтен арылта алды. Азыр Кытай экинчи экономикалык держава. Кыргызстанга 27 жыл болду, бирок, тилекке каршы, биз жай алга илгерилеп жатабыз. Эгерде дүйнөнүн 180 өлкөсүнүн таблицасын алсак, анда биз дайыма 150дөн төмөн турабыз. Азыр бир шаар четиндеги мектепте турабыз жана бардык окуучуларда мобилдүү телефондор, компьютерлер бар экенин, алар Интернетке кошулганын көрүп турабыз. Бирок биздин балдарда эмнегедир умтулуу, аракет жок. Бул үчүн ата-энелердин өздөрү алга илгерилөөгө тийиш. Кыргызстанда калктын 97%ы сабаттуу деп эсептелет. Бирок бул китептерди гана окуу керек дегенди билдирбейт. Бүгүнкү күндө бизге финансылык, компьютердик сабаттуулук керек, бардыгында электрондук почта болууга тийиш», - деп айтты Р.Отунбаева.

 

Экс-президент бардык жаштарды компьютерди пайдаланууну үйрөнүүгө жана прогресс менен үзөңгүлөш жүрүүгө чакырды.

 

БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутумунун координатору Озониа Ожиело өз сөзүндө БУУ дайыма колдоо көрсөтүүгө даяр деп белгиледи.

 

«Мен силерде тутумдук иш жүрүп жатканын көрүп турам. Элдин, жергиликтүү бийликтин, институттардын, уюмдардын жана банктардын ортосундагы көпүрө мамлекеттин зор өнүгүшүнө алып барат. Мамлекеттин келечеги үчүн биз жаштарды лидерлик жөндөмдөргө тарбиялоого тийишпиз», - деп айтты Озониа Ожиело.

 

Иш-чарага КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, БУУнун КРдагы тутумунун координатору Озониа Ожиело, КР ЮНФПАнын аткаруучу өкүлү М.Омурзаков, Бишкек шаарынын вице-мэри А.М. Куланбаева, КИКБнын төрагасынын орун басары, Жаштардын, дене тарбиясынын жана спорттун иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, Бишкек шаарынын РМАнын акимдери жана акимдеринин орун басарлары, пилоттук мектептердин директорлору, мектеп парламентинин активдүү мүчөлөрү, ОКЗнын, аялдар кеңештеринин активдүү мүчөлөрү, кварталдык комитеттер жана башка чакырылган меймандар катышты.