Түркияга сапардын алдында «Манас» КТУнин «Туризм жана мейманкана иштетүү» бөлүмүнүн педагогдору менен жолугушуу болуп өттү
February 16, 2019, 06:002019-жылдын 15-февралында КР мектепке чейинки билим берүүтутумунун 12 өкүлүнүн Түркияга сапарынын алдында «Манас» Кыргыз-Түрк Университетинин “Туризм жана мейманкана иштетүү” бөлүмүнүн педагогдору менен жолугушуусу болду.
Жолугушууда «Манас» Кыргыз-Түрк Университетинин “Туризм жана мейманкана иштетүү” бөлүмүнүн окутуучусу Доц.М.А.Др. Жемаль ИНЖЕ Түркиянын туризми жана гастрономиясы тууралалуу презентация өтүп топтун суроолоруна дагы жооп берди. “Туризм жана мейманкана иштетүү” бөлүмүнүн педагогдору топко сапары үзүрлүү болушун каалады.
Делегация уюштуруучуларга жолугушууүчүн ыраазычылык билдирди.
Эске сала кетсек: «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын«Жайлоодогу өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында 2018-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Ассоциациясынын колдоосу менен 2019-жылдын17-февралынан 23-февралына чейин уюштурулуп жатат.