«Поэзия поезди» поэзия кечеси.

February 17, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда.


Мындай кеченин кезектегиси 2019-жылдын 15- февраль күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Максат Жангазиевдин, акындар Мырзайым Айтимбетованын жана Умар Нусубалиевдин чыгармачылыгына арналып “Поэзия поезди” поэзия кечеси өтө чон аншлаг менен өттү. Жүздөгөн поэзия сүйүүчүлөрү кечеге келип, залга батпай сыртта туруп угушту.


Аталган ыр кече буга чейинкилерден өзүнүн сценарийинин кызыктуулугу жана динамикалуулугу менен айырмаланды.Сахнага кадимки эле поездин макети жасалып коюлду.


Кече башталаарга аз убакыт калганда темир жол вокзалындагы атмосфераны берген фондогу музыка,сахнада станциядагы поезд күтүп жаткан көрүнүштү актерлор чагылдырды.Станцияда ар ким ар кандай кийинген жүргүнчүлөр , кыз жигит,гезит саткан . гүл саткан сатуучулар ар кимиси өз иши менен алектенип жатышты.


Поезд станцияга келип токтоп, жүргүнчүлөр жайгашкан учурда үч акындын алгачкы ырлары сценанын артынан фондо окулду. Поезден элдер түшө башташканда “Көл жээгинин табигатына тамшанышып, мындай табигат менен сырдашып ыр кана окуш керек да деп , көлдүн шарпылдаган толкунунун, ак чардактардын үнүнүн фондук мызыкасы менен акындар алмак салмак ырларын окуп башташты.


Акындар поэзия кечесин социалдык жана лирикалык бөлүкө бөлүшкөн,алардын чыгармаларын белгилүү акындар Бердибек Жамгырчиев, Акбар Кубанычбеков Умар Нусубалиевдин “Акчага”, Максат Жангазиевдин “Интернет чыга электе” аттуу чыгармаларын окуп беришти , ошондой эле Мырзайым Айтимбетованын “Алп саптар чуркап жүрөт” чыгармасын кеченин режиссеру Курманбек Ниязбеков окуп берди.


Ар бир окулган чыгарма дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду.


Кечеде акын Максат Жангазиевдин сөзүнө жазылган “Апама” деген ырын КР эмгек сиңирген артисти Майрамбек Осмонов, Умар Нусубалиевдин сөзүнө жазылган “Сулуулуктун кызы” деген Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган ырын , жаш ырчылар Индира Кабылбаева жана Кенже Абдылдаевалар аткарып беришти.


Ал эми кеченин соңку бөлүгүндө Мырзайым Айтимбетованын “Кыргызстан” ырын жаш ырчы Азиз Батыров Бишкек шаардык Арсен Омүралиев атындагы драма театрынын жаш өспүрүмдөрүнун коштоосунда хор менен ырдалды.


Адаттагыдай эле кече аяктап жатканда“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл Аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева менен КР маданият маалымат жана туризм министри А.Жаманкулов чыгып сөз сүйлөштү. Министр А.Жаманкулов өзүнун сөзүндө акындарга ийгиликтерди каалоо менен ушул демилгени көтөруп чыгып , акындарды элге таанытып чоң ишти аркалап келе жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомунун негиздөөчүсу Р.И.Отунбаевага жана жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле бул ишке сөзсүз түрдө министрлик көмөк көрсөтүп региондорго да ушундай майрамдарды тартуулайбыз деген убадасын берди жана зал жаштарга толуп батпай тургандыгы өзгөчө кубанычтуу экендигин айтты. Министр кеченин көрүүчүлөрүнө М. Самыйкожонун “Мекендештер” ырын окуп берди.


Фонддун аткаруучу директору Д.Кендирбаева өзүнун сөзүндө жаш акындарга чыгармачылык ийгиликтерди каалап алардын аракетине терең ыраазычылыгын билдирди. “Акындар биздин тагдырыбыз. Эгерде акындар болбосо, обончулар силерге жакшы ыр жарата албайт. Азыркы мезгилде биз акындарды колдой албай, көтөрө албай жатабыз. Биз балким кымбат кийимибиз, заңгыраган үйүбүз менен эч кимдин эсинде калбайбыз. Бирок, ушул акындардын ыры өлбөйт, өчпөйт. Акындар бул түбөлүк тарыхтын өлбөс, өчпөс мурасы”, - деп айтты.


Биздин максатыбыз - клубтарыбыз бош болбой, көөдөй көңдөй болбой, башка баалуулуктарды жетелеп кетпей, нукура кыргыз сөздөрүн акындардын ырлары аркылуу жеткирүү.

 

Келген көрүүчүлөр болсо акындарга өздөрүнүн чексиз ыраазылыгын билдирип, дүркүрөгөн кол чабууларын, куттуктоолорун аяган жок.


Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барды.


Кече толук бойдон ЭЛТР телеканалы аркылуу түз эфирден көрсөтүлдү жана Кыргыз республикалык коомдук теле радиокорпорациясынын көчмө станциясы кечени толугу менен тартты.