Ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуучу тренинг

February 15, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду “Балдарга, кыздарга, аялдарга жасалган зомбулуктун алдын алууда, үй-бүлөнү пландоодогу жоопкерчиликтүү ата-энелик” аталышында Бишкек шаарынын он жаңы конушундагы Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрүнө тренинг өткөрүүдө.


Тренингдин максаты – дени сак, ар тараптан өнүккөн балдарды тарбиялап өстүрүүдөгү ата-энелердин ролун чечмелөө, жоопкерчиликтүү ата-эненин милдеттери менен тааныштыруу болуп саналат.


Катышуучулар кенже курактагы балдарга, кыздарга жасалган зомбулуктун алдын алуу боюнча көндүмдөргө ээ болушат. Ошондой эле эрте жашынан балдарды ден соолуктуу жана толеранттуу, коопсуз чөйрөдө өсүүсүн камсыз кылуу зарылдыгын билип чыгышат.


Тренинг “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбоорунун алкагында өтүп, ата-энелердин бала багуудагы жоопкерчиликтин төмөндүгүнүн натыйжасын, мисалы, миграция, зордук-зомбулуктун алдын алуусуна негизделет. Миграция жана оор шарттагы кырдаалга кабылган балдарга сезимтал мамиле жасоого багыт берилет.


Тренингдин биринчи күнүндө, тактап айтканда, 14-февраль - Китеп белек кылуу күнүнө карата бардык катышуучуларга “Башталгыч мектепке саякат” жана “Мектепке даярдык” китептери белекке берилди.


Эки күндүк окутууну “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Догдуркул Кендирбаева өттү.


Иш-чарага ЮНФПнын “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун жетекчиси Санжар Алимжанов катышты.


Бакай-Ата конушунун КДК төрайымы Мария Төрөжанова өз пикирин мындай деп билдирди: Биздин жашыбыз 60тан ашып калса дагы зордук-зомбулуктун алдын алуу жана кенже курактагы балдарды сапаттуу өнүктүрүү, тарбиялоо, үй-бүлөнү пландоо боюнча билгичтикке жана көндүмдөргө ээ болушубуз керек деп жатабыз. Анткени конуштун жашоочуларынын артериалдык кан басымын текшергенге, жаш үй-бүлөлөр менен тыгыз иштеп аларга алган билимдерибизди, маалыматтарды жеткирип турууга убактыбыз дагы, дараметибиз да жетет.


Тренинг Бишкек шаарындагы “Супара” этнокоплексинде 14-15-февралда өтүүдө.