«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын февралына иш-чараларынын дайджести
February 3, 2019, 06:00Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын
2019-жылдын февралына
иш-чараларынын дайджести
1-февраль - "Гений" радиоберүүсү
Качан: 1-февраль, 13:30дан - 14:00гө чейин
Кайда: Биринчи Радио
Тема "Ата-эне болуу: укук гана эмес, ошондой эле милдеттер". Спикер - Эльмира Каримова, монтессори-педагог, социалдык педагог, психолог.
Тили: орус
Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, координатор)
8-февралда - КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Жеңиш жана Ак-Ордо турак-жай конуштарында Бишкек шаарынын он турак-жай конушунун жаштар лидерлери, жергиликтүү жамааттарынын активисттери менен жумушчу жолугушуусу.
Алда канча кең-кесири маалымат кошумча билдирилет. Анонсторго көз салып тургула!
14.02.19-ж.-15.02.19-ж .- ОКЗнын мүчөлөрү үчүн тренинг
Алда канча кең-кесири маалымат кошумча билдирилет. Анонсторго көз салып тургула!
15-февраль - "Гений" радиоберүүсү
Качан: 15-февраль, 13:30дан - 14:00гө чейин
Кайда: Биринчи Радио
Тема: "Альтернативдүү мектеп". Спикер: «Синяя птица» балдар бакчасынын монтессори жетекчиси Камила Исабекова жана «Билимкана» мектептер тармагынын тең уюштуруучусу Эльнура Осмоналиева.
Тили: орус
Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, координатор)
17-февралдан тартып 23-февралга чейин – КР мектепке чейинки билим берүү системасынын өкүлдөрүнүн Түркияга таанышуу иш сапары
Качан: 17-февралдан тартып 23-февралга чейин
Визиттин максаты – Түрк Республикасынын билим берүү системасы менен таанышуу, кенже жана эрте курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча тажрыйбаны, бул багытта инновациялык методиканы алмашуу. 2018-жылдагы «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун, ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын башка долбоорлорунун ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга иш сапар менен сыйланган. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин Ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулуп жатат. КР билим берүү системасынын он эки өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитеттеринин мектепке чейинки билим берүү системасы менен таанышат.
Телефон: 0556549154 (Сагынтай уулу Арстан, долбоордун координатору)
19-20-февраль – МТУнун жаштар лидерлери жана кызматкерлери үчүн тренинг
Алда канча кең-кесири маалымат кошумча билдирилет. Анонсторго көз салып тургула!
27-февраль – 35 журналист үчүн туура тамактануу боюнча тренинг
Качан: 27-февраль
Кайда: региондор жана Бишкек шаары, Ош шаары
Максат – азык-түлүктүн жана тамак-аштын коопсуздугунун темасына кеңири аудиторияга сапаттуу жана кызыктуу материалдарды даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын ЖМКсынын кызматкерлеринин кесиптик өсүшүнө көмөктөшүү, региондо жана анын чегинен тышкары жерлерде ушул тематиканы толук чагылдырууну камсыз кылуу.
Телефон: 0555 773750 (Кайыкова Р.Ж., долбоордун логисти), 0555004240 (Осмоналиева А., долбоордун ассистенти)
Февраль –Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени
Качан: датасы жана убактысы кошумча маалымдалат
Кайда: Бишкек шаарынын № 21, 23, 32, 38, 53 мектептери
«Жаш бишкектиктин эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана 6-7-8-класстардын окуучулары үчүн «Адам жана таштандылар» мультфильмин көрсөтүү.
Тили: кыргыз/орус
Телефон: 0555 788825 (Нурзат Жээмбаева, программалык адис)
Февраль – МБУнун методисттери үчүн семинар
Качан: датасы жана убактысы кошумча маалымдалат
Кайда: Бишкек шаары, №47 МБУ
МБУлардын методисттери үчүн «Балдарды экологиялык тарбиялоо боюнча иштин формалары жана методдору» семинары – № 47 МБУнун тажрыйбасы.
Тили: кыргыз/орус
Телефон: 0555 788825 (Нурзат Жээмбаева, программалык адис)
Бир айдын ичинде – кышкы STEM мектеби
Кайда: И.Раззаков атындагы КМТУ
Кышкы мектептин максаты – инженердик адистиктерге көп сандаган окуучу кыздарды тартуу. Бир жуманын ичинде борбордогу мектептердин окуучу кыздары төмөнкүлөр жагынан билим берүүнүн дүйнөсүнө аралашат: машина куруу, энергиянын орду толуп туруучу булактары, гидроэнергетика, телематика, биомедициналык инженерия, биоинформатика, логистика, тамак-аш инженериясы, тамак-аш технологиялары, текстилдин жана теринин технологиялары, полиграфия, колдонмо математика. Катышып жаткан кыздар үчүн КРнын алдыңкы ишканаларына экскурсиялар уюштурулат.
Тили: орус
Телефон: 0708743407 (Усупкожоева А.А., долбоордун координатору), 0555821504 (Маражаббай кызы Асель, долбоордун ассистенти)