«50+»долбоору «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырат

January 23, 2019, 06:00

«50 ПЛЮС» долбоору – өз ниеттерин жүзөгө ашырууну, кызыктуу, жигердүү, узак жашоону каалагандар үчүн!

 

 

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү,

 

Сиздер мобилдүү телефонду пайдаланууда ишенимдүү болууну, социалдык тармактар аркылуу баарлашууга, электрондук почтаны пайдаланууга үйрөнүүнү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү үйдөн чыкпай туруп телефон аркылуу төлөөнү каалайсыздарбы?

 

Биз Сиздерди «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырабыз, ал жерде Сиздер:

 

• Смартфондун функцияларын жакшы түшүнүүгө үйрөнөсүздөр;

• Социалдык тармактар аркылуу баарлашуу жана электрондук почта аркылуу электрондук кат-кабарды алмашуу максатында смартфонду пайдалануу жөндөмдөрүн аласыздар;

• ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү жөндөмдөрүнө ээ болосуздар.

 

Курс күнүнө 2 сааттан 10 саатка эсептелген.

Өткөрүү орду: Бишкек.

Окутуу акысыз.

 

Курстарга 62-16-03, 0505 031975 телефондору боюнча чалуу менен (9:00дөн – 18:00гө чейин чалып, Назгүлдү суроо керек) жазылууга болот.

 

Бул демилгени «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ улуу муундагы адамдарды смартфондор менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүн алууга, ошондой эле накталай эмес эсептешүүнү жүргүзүүгө, ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө үйрөтүү максатында ишке ашырып жатат. Бул демилгенин өнөгү болуп KICB банкы саналат.