«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен өттү
January 27, 2019, 06:002019-жылдын 25-январь күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында белгилүү акын Мирлан Самыйкожонун «Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен болуп өттү. Жүздөгөн поэзия сүйүүчүлөрү кечеге келип, залга батпай калды.
Аталган ыр кече буга чейинкилерден өзүнүн сценарийинин кызыктуулугу жана динамикалуулугу менен айырмаланды. Мирлан Самыйкожо өзүнүн кечесин кыргыз поэзиясынын атактуу өкүлдөрүнө арнаган ыры менен ачты. Андан ары Ата Журт, анын көйгөлөрүнө арналган атуулдук ырлары менен улантты. Лирикалык ырларын окуган учурда Э.Иманалиев обон чыгарган акындын “Балкыма” ыры коштолуп ырдалып турду. Бул кечеге өзгөчө көрк берди. Акын ырларын негизинен өзү окуду, бирок анын балдар үчүн жаган азыркы заман көйгөйүн чагылдырган ырын кыздар жана балдар ролго кирип, көркөм окуп беришти.
Ошондой эле кыргыз элинин белгилүү төкмө акындары Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев Мирлан Самыйкожонун атуулдук ырларынан окуп берди. Жаш акындар А.Исмаилов, А.Дооронбеков, Ж.Керимбаев, А.Кубанычбеков ж.б. акындын лирикаларын жана санат темасындагы ырларын окуп беришти. Ал эми кеченин соңку бөлүгүндө М.Самыйкожонун “Бирик” ырын акындын өзү жана анын калемдештери жапырт чыгып окуп, бул көрүүчүлөргө көркөмдүгү жана курчтугу менен зор таасир этти.
Акындын ар бир окулган ыры дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду. Кечеде обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошев М.Самыйкожонун сөзүнө жазылган “Коштошуу” деген ырын аткарып берди.
Адаттагыдай эле кече аяктап жатканда КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл Аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаевага жыйынтык сөз берилди. Р.Отунбаева өзүнүн сөзүндө Мирлан Самыйкожонун кечеси бөтөнчө кызыктуу жана көркөм өткөнүн белгиледи жана акынга Фонд уюштуруп келаткан поэзия кечелерин дайыма жогорку деңгээлде алып барып жүргөндүгү үчүн ага терең ыраазылыгын билдирди. Сөз алып сүйлөгөн КР Жогорку Кенешинин вице-спикери Аида Касымалиева М.Самыйкожонун кечеси чоң ыр майрамы болгонун белгиледи. Ал эми КР ЖК депутаттары Садык Шер , Каныбек Иманалиевдер Самыйкожонун ырларынын жалындуу, мекенчилдик маанисин белгилөө менен акынга терең ыраазычылыктарын билдиришти жана чыгармачылык ийгиликтерди каалашты. КР Эл акыны Анатай Өмүрканов М.Самыйкожону төрт туягы бирдей туйлаган күлүк акын экендигин белгиледи.
Келген көрүүчүлөр болсо Акынга өздөрүнүн чексиз ыраазылыгын билдирип, дүркүрөгөн кол чабууларын, куттуктоолорун аяган жок.