КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
January 23, 2019, 06:002019-жылдын 18-январь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Садык Шер «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомлук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштурган «Китеп билим булагы, билим өнөр чырагы» акциясынын алкагында Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназиясында балдарга китеп окуп берди.
Эл өкүлү окуган «Ынтымак сыры» китебин аталган мектептин 200 дөн ашуун окуучулары өтө кунт коюп, зор кызыгуу менен угушту. Жолугушуу учурунда балдар менен эл өкүлүнүн китеп жана китеп окуу тууралуу ой бөлүшкөн баарлашуусу да болду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жашаган ар түркүн улуттун турмуш тиричилигин, маданиятын чагылдырган, айрыкча сууга байланыштуу жаңы көйгөлүү жомок болгон «Ынтымак сыры» китебинин автору белгилүү педагог Догдуркүл Кендирбаева. Китеп «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду тарабынан жарык көргөн. Китептин негизги идеясы балдардагы экологиялык, улуттук баалуулуктарды сактоо, сыйлоо жана жаратылышты коргоо, ынтымакты бекемдөө көндүмдөрүнүн зарылдыгы жана аларды калыптандыруу болуп саналат.
Аталган демилгенин максаты:
• коомчулуктун көңүлүн окуу маданиятын алга жылдырууга буруу үчүн моделдик китеп окууларды жүргүзүү;
• балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө китептин баалуулугун көрсөтүү жана китеп окуу муктаждыгын жаратуу менен аларды компьютердик көз карандылыктан алаксытуу;
• балдардын маалыматты талдоодогу сынчыл, аналитикалык көз караштарын калыптандыруу.
Эл өкүлү кезектеги китеп окуу эстафетасын КР Жогорку Кенешинин депутаты Эмиль Токтошевге берди.
Маалымат үчүн: “Ынтымак сыры” жомогунда суунун жана токойдун жаратылыш энеге болгон арызы, балдарга жомок аркылуу конфликттердин алдын алууга ар бирин катышууга чакырган жана бул кырдаалды чечүү боюнча маалыматтар берилген.