«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси

January 18, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акын Самыйкожо уулу Мирландын чыгармачылыгына арналат жана ал “Ызгаардагы ыр” деп аталат.


Бул поэзия кечеси үстүбуздөгү жылдын 25-январында Филармониянын Кичи залында өтөт. Саат 17.00 башталат. Кирүү акысыз.

 

Акын Самыйкожо уулу Мирлан Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында 1984-жылы 19-майда туулган. 2001-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектепти аяктап, 2007-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.


2002-жылы Чыгармачыл жаштардын “Нурборбор” коомдук бирикмесине мүчө болуп, 2003-жылы аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болгон.

2003–2004-жж. “Бийиктик” басмаканасында маданий иштерди жайылтуу боюнча, менеджер болуп иштеген. 2004-жылы “Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубунун жетекчиси, 2007–2008-жж. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун “Жаштар секциясынын” башчысы, 2008-жылдын май айынан Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын радио бөлүмүндө жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жетекчи кызматтарда эмгектенген.

Алгачкы ырлары 1998–2000-жылдары Ак-Талаа районундагы “Айыл турмушу” гезитинде жарык көрүп, 2001–2002-жылдары республикалык “Аалам”, “Кыргыз Туусу”, “Кыргыз Руху” “Кыргыз караван” жана башка гезит-журналдарда жарыяланган.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган республикалык деңгээлдеги Ж.Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

2008-жылы жылдын мыкты жазуучу-акындарын аныктаган Эл аралык сынакта “Айкөл Манас” сыйлыгынын “Кыргызстандын канаттуу келечеги” деген наамы ыйгарылган. Ушул жылы анын «Жүрөккө түшкөн чагылган» ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Мирлан Самыйкожо уулу 2005–2008-жж. Республикалык деңгээлдеги мыкты аңгеме жана пьесалар, сын жана рецензиялар боюнча “Калемгер” адабий клубу тарабынан жарыяланган адабий сынактардын жыйынтыгында “Булак 1”, “Булак 2”, “Булак 3” аңгемелер топтомунун, “Булак 1”, “Булак 2” пьесалар топтомунун түзүүчүсү болгон.

2006-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.


«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси КР Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин, ырчы, обончулар Түмөнбай Колдошевдин жана Кубаныч Алиевдин катышуусу менен өтөт.