«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Жарандык секторлдогу KyrSEFF’тин мыкты өнөгү» номинациясындагы сыйлыкты алды

December 7, 2018, 06:00

2018-жылдын 6-декабрында Hayatt Regency мейманканасынын чоң залында Кыргызстанда туруктуу энергияны финансылоо программасы – KyrSEFF Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) жана Европалык бирликтин (ЕБ) эгидасы астында энергия менен сууну натыйжалуу пайдалануу чөйрөсүндөгү жана курчап турган чөйрөнү сактоого салым кошуудагы үлгүлүү көрсөткүчтөрү үчүн эң ийгиликтүү долбоорлорду сыйлоо аземин өткөрдү.

 

Аземдин негизги максаты – таламдаш тараптардын кеңири чөйрөсү үчүн жашыл инвестициялардын ийгилигинин таржымалдарын көрсөтүү. Сыйлыктарга жашыл экономика принциптерин алга илгерилетүүгө жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга салмактуу салым кошкон 27 көрсөтмөлүү долбоор жана өнөк сунуш кылынды.

 

Элчи, Европалык бирликтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр өлкөнүн бардык региондорунда жайгашкан 200дөн ашык мейман үйлөрүндө тренингдердин жана мастер-класстардын сериясы аркылуу энергия жактан натыйжалуу технологиялар жөнүндө окутуу жана билимдерди даңазалоо боюнча кыйла күч-аракеттери жана натыйжалары үчүн, ошондой эле KyrSEFF’тин колдоосу менен энергия жактан натыйжалуу технологияларды колдонуп жаткан адамдардын санын көбөйткөндүгү үчүн жана катышуучуларынын масштабдары жана саны жыл өткөн сайын өсүп жаткан жана KyrSEFF алар менен энергияны натыйжалуу пайдалануу чөйрөсүндөгү пайдалуу маалымат менен бөлүшүп жаткан адамдарга Билим фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФга «Жарандык секторлдогу KyrSEFF’тин мыкты өнөгү» номинациясындагы сыйлыкты тапшырды.

 

Сыйлоо аземине Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, донорлордун эл аралык жамаатынын өкүлдөрү, жеке сектордун жергиликтүү финансылык мекемелери жана уюмдары, ЖМКлар жана жарандык коом катышты.

 

Маалымат иретинде: KyrSEFF 2014-жылдан тартып курч энергетикалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык маселелерди чечүүгө жардам берип жаткан туруктуу энергия жагындагы мыкты инвестициялык долбоорлорду жана өнөктөрдү урматтоо менен белгилейт.

 

2013-жылдан тартып энергиянын натыйжалуулугу жана сууну үнөмдөө жагынан 1700дөн ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылды. Ушул долбоорлорду жүзөгө ашыруу жыл сайын 28000 м3 сууну үнөмдөөгө жана парник газдарынын абага чыгарылышын 42000 тоннага кыскартууга алып келди, бул өз кезегинде өлкөнүн энергетикалык, экологиялык жана суу коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт.