Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы тынчтык үчүн билим берүү жана туруктуу билим берүү боюнча Институтунун Жетектөөчү кеңешинин жылдык жыйналышынын ишине катышты

December 8, 2018, 06:00

2018-жылдын 7-8-декабрында КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы тынчтык үчүн билим берүү жана туруктуу билим берүү боюнча Институтунун Жетектөөчү кеңешинин жылдык жыйналышынын ишине катышты.

 

Институт Туруктуу өнүгүүнүн 17 глобалдык максатынын бирине жетишүүдө, атап айтканда, сапаттуу билим алуу үчүн жаңы педагогикалык өбөлгөлөрдү жана методологияларды түзүүдө БУУга мүчө өлкөлөргө жардам берүүнү өзүнүн милдети атары алдына койгон. Биз жашап жаткан мыкаачылыктын, жаңжалдардын жана согуштардын дүйнөсү азыр билим берүү системасын радикалдуу трансформациялоону талап кылат. Глобалдык жарандыкка, тынчтыкка жана туруктуу өнүгүүгө окутууга муктаждык бүгүнкү күндө мурда болуп көрбөгөндөй курч.

 

 

Караңыз.www.mgiep.unesco.org