Искусство жөнүндөгү балдарга арналган китептердин презентациясы болуп өттү
December 18, 2018, 06:002018-жылдын 17-декабрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын чоң залында искусство жөнүндөгү балдарга арналган «Муратбек жана анын музыкага чапкан жолу», «Биринчи скрипка», «Юристанбек неге юрист болбой калды эле…» жана «Исмаилдин керемет үнү» китептеринин бет ачаары чоң салтанат жана аншлаг менен өттү. Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук Фонду тарабынан уюштурулду. Бул төрт китептин каармандары биздин белгилүү замандаштарыбыз: КР Эл артисти, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын ректору, композитор Муратбек Бегалиев, Казакстандын Эл артисткасы, Казакстандын Эмгек Баатыры, Казакстандын Улуттук искусство университетинин ректору, скрипкачы Айман Мусаходжаева, СССРдин Эл артисти, Ташкент Консерваториясынын опералык вокал кафедрасынын жетекчиси, опералык ырчы Исмаил Жалилов жана Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Юристанбек Шыгаев.
Балдарга арналган китептердин бет ачаарына КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР Жогорку Кенешинин депутаттары К.Иманалиев, Садык Шер, Жанар Акаев, КР вице-премьер Министри А. Өмүрбекова, маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары А.Султанбекова ,Бишкек шаарынын вице-мэри А.Куламбаева, белгилүү коомдук ишмер А.Салымбеков, бир канча эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, элчиликтерден өкүлдөр, китептин каармандары, китепти жараткан авторлор, Бишкек шаарынын мектеп окуучулары, агартуу тармагынын жетекчилери, кызматкерлери, ата-энелер катышышты.
Белгилей кетсек, бул балдарга арналган искусствонун мыктылары жөнүндөгү китептерди даярдап, чыгаруу идеясы КР экс-Президенти Р.Отунбаевага таандык. Китептер ал негиздеген Фонд тарабынан чыгарылды.
Иш-чара учурунда катышуучуларга жогоруда айтылган китептердин каармандары жөнүндөгү видео жана фото слайддар көрсөтүлдү. Китептердин каармандары суроолорго жооп беришти. Ал эми «Биринчи скрипка» китебинин каарманы Айман Мусаходжаева көрүучүлөргө байыркы, баалуу инструмент болгон страдивари скрипкасы менен эки чыгарманы аткарып берди. Анын сахнага чыгышы дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.
КР экс-Президенти Р.Отунбаева өзүнүн сөзүндө балдарга искусствону таанытуунун маанисине токтолуп, азыркы техниканын дүркүрөп өсүп жаткан заманы адамдын ордун, ишмердигин алмаштырган роботтордун түрүн ойлоп таап жатат. Бирок искусство ушундай бир башкача тармак, эч бир робот таланттуу, өнөрлүү адамды алмаштыра албайт деп белгиледи. Ал эми КР вице-премьер министри А.Өмүрбекова «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын билим берүү, маданиятты өнүктүрүу жаатындагы саясатын жүзөгө ашырууга бараандуу салым кошуп келе жаткандыгын баса белгиледи жана аталган Фонддун ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Иш-чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаевага Казак Улуттук Искусство университетинин Ардактуу профессору деген наамды ыйгарган дипломду аталган окуу жайдын ректору Айман Мусаходжаева тапшырды. Тапшырып жатып ал Р.И.Отунбаеванын искусствону өнүктүрүудөгү баа жеткис ролун белгилеп өттү.
Аталган иш чара бир канча музыкалык номерлер менен коштолду. Кыргыз Улуттук Консерваториясынын студенттери, Мукаш Абдыраев атындагы Музыкалык мектептин симфониялык оркестри, Бишкек хореографиялык окуу жайынын, №4 Балдардын искусство мектебинин окуучулары, Астанадан келишкен балдардын «Айголек» скрипкачылар ансамбли ж.б. өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Презентацияга келишкендердин жаңы китептер менен таанышууга жана сатып алууга мүмкүнчүлүктөру болду.
Китептердин бет ачаарына арналган бул иш чара чоң таанып билүүчүлүк мазмуунда болуп, балдарды дагы бир ирет искусство дүйнөсүнө жетелеп, кыялын ойготуп, кызыктуу өттү.
Иш чараны музыка таануучу Алтынай Абетекова жогорку деңгээлде алып барды.