Балдар үчүн композитордун, опералык аткаруучунун, сүрөтчүнүн жана скрипачканын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө китептер чыгарылды

December 14, 2018, 06:00

Бишкекте балдар үчүн көркөм өнөр жөнүндө 4 китеп чыгарылды. Бул жөнүндө 13-декабрда АКИpress’теги пресс-конференцияда авторлор билдирди.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын китептерди басып чыгаруу боюнча координатору Кенжекан Усупованын айтымы боюнча, журнал тибиндеги китептер атайын балдар үчүн түзүлгөн.

 

«Муратбек жана анын музыкага карай жолу» деген биринчи китеп кыргыз композитору Муратбек Бегалиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маалыматты камтыйт.

 

«Айман. Биринчи скрипка» деген экинчи китеп Казакстандын скрипачкасы жана эл артисти Айман Мусаходжаева жөнүндө. Ошондой эле Өзбекстандын опералык аткаруучусу Исмаил Джалиловдун иши жөнүндө китеп жазышты. Китеп «Исмаилдин сыйкырдуу үнү» деп аталат. «Юрист болбой калган Юристанбек» деген акыркы китеп Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевге арналган.

 

Китептер «Азыркы көркөм өнөр – балдарга» деген долбоордун алкагында Швейцариянын элчилигинин колдоосу менен чыгарылды.

 

Китептерди түзүү идеясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондуна таандык.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Азыркы көркөм өнөр – балдарга» деген долбоорунун координатору Асель Жакыпбекова мындай деп белгиледи, бул китептер балдарга көркөм өнөрдү жакшы түшүнүүгө, көркөм өнөрдүн ар кандай түрлөрүнүн терминдери менен таанышууга жардам берет, ал эми бала чагынан өзүнүн балалык үмүтүнө чыдамкайлык менен жана коркпостон барган китептердин каармандарынын үлгүсү жаш окурмандарга үмүттөнүүдөн коркуунун кереги жок жана көркөм өнөрдү өзүнүн турмуштук жолу менен тандоо керек экендигин көрсөтөт.

 

Муратбек Бегалиев жөнүндө китептин автору музыка таануучу Алтынай Абетекова китептер балдар үчүн ыңгайлаштырылган жана жөнөкөй, жалпак тил менен жазылган деп билдирди.

 

«Эң татаалы – ушул белгилүү адамдар качандыр бир кезде да бала болгонун, ошондой эле оюн ойногонун, ошондой эле кубанганын жана капаланганын, үмүттөнгөнүн жаш окурманга жеткирүү. Мага ушул – балдар үчүн китепти жазуу бир эле учурда татаал жана кызыктуу болду», - деп айтты ал.

 

Бардык китептер сүрөттөр менен жасалгаланган. Китептердин жарымын авторлор балдар үйлөрүнө бергени жатат, экинчи жарымы сатууга чыгарылат. Китептердин расмий презентациясы алардын каармандарынын катышуусу менен 17-декабрда Улуттук филармонияда өтөт.