Кыргызстандына Экс-президенти Роза Отунбаева Пекинде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгынын урматындагы салтанаттуу кечеге катышты

December 15, 2018, 06:00

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Рашид Алимов кыргыз жана совет жазуучусу Чыңгыз Айтматовду кылымдын кубулушу, доордун күзгүсү, цивилизациялардын жана маданияттардын кеңири диалогунун жарчысы деп атады. Бул жөнүндө ал Пекинде прозаиктин туулган күнүнүн 90 жылдыгынын урматындагы салтанаттуу кечеде айтты, деп билдирет ТАСС.

 

«Жаш советтик журналист жана жазуучу Чыңгыз Айтматов күтүүсүздөн кылымдын кубулушуна тез өсүп чыкты. Өзүнүн чыгармаларында ал өзү жашап жана чыгармаларды жараткан доордун бардык курч кырларын чагылдырып гана тим болбостон, ошондой эле алардан бийик көтөрүлүп жана адамзаттын келечегине космостон көз жүгүртө алды», - деп айтты Алимов.

 

Кечеге ошондой эле Кыргызстандүын экс-президенти Роза Отунбаева катышты. Анын айтымы боюнча «Чыңгыз Айтматов келечекке карай алысты көрүп турду»,

 

«Ал ХХ кылымда эле маданияттардын диалогунун, диндердин диалогунун, цивилизациялардын диалогунун көйгөйлөрүн көтөрдү – бул өтө жөнөкөй эмес жана татаал милдеттер», - деп айтты ал, Айтматовду «өлкөнүн туусу» деп атап.

 

Прозаик Кытайды да мыкты билген, ал эки тараптуу достук мамилелерди чыңдоо үчүн көп нерселерди жасады деп белгиледи ал.

 

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгынын урматындагы салтанаттуу кече 14-декабрда Westin мейманканасында өттү. Ага ШКУ өлкөлөрүнүн элчилери, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын, кытайлык жана чет өлкөлүк ЖМКлардын кызматкерлери катышты.

 

Булак

 

Тема боюнча материалдар: Роза Отунбаева: «Анын руху бүгүнкү күндө да биз үчүн жанып турган жылдыз»

Р.И.Отунбаеванын жеке архивинен фото