Кыргызстандын Экс-президенти Р.И.Отунбаева Гуанчжоуда Imperial Springs эл аралык форумунун ишине катышты

December 16, 2018, 06:00

2018-жылдагы Imperial Springs эл аралык форуму 10-декабрдан 11-декабрга чейин Гуанчжоуда өттү.

 

Мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн мурдагы кырк башчысы, эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле 80ден ашык эксперттер жана бизнестин лидерлери ар түрдүү маселелерди талкуулоо үчүн Империал Спрингсге чогулду. Быйылкы жылы Кытайдын реформаларынын жана ачыктыгынын 40 жылдыгы белгиленип жаткандыктан, форумдун темасы «Реформа, ачыктык жана өз ара пайдалуу кызматташтык» деп аталды.

 

Форум Кытайдын чет өлкөлөр менен достугунун элдик ассоциациясынын (CPAFFC) жана Австралиялык-кытайлык достук жана пикир алмашуу ассоциациясынын (ACFEA) демилгеси боюнча уюштурулду. Ал экономика, саясат жана маданият менен байланышкан маанилүү темаларды талкуулоо аркылуу тараптардын ортосундагы түшүнүшүүнү жакшыртууга жана консенсусту кеңейтүүгө; ошонун өзү менен региондук жана глобалдык кызматташтыкка көмөктөшүүгө багытталган.