50 жаштан ашкан жарандарды санариптик мобилдүү технологияларды колдонуу жөндөмдөрүнө окутушат

December 17, 2018, 06:00

Азыркы коомдун жашоосун технологияларсыз элестетүү мүмкүн эмес, бардык процесстер санариптик жана компьютердик технологиялардын коштоосунда өтөт. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын тез өнүгүшү маалыматтык глобалдаштыруу процессин тездетет жана убакыт менен үзөңгүлөш жүрүү үчүн адамдардан өзгөчө жөндөмдөрдү талап кылат. Интернет маалымат алуу үчүн гана эмес, ошондой эле ар түрдүү ишкер операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн шайманга айланды. Бүгүнкү күндө сооданы интернеттин жардамы менен жүргүзүп, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө, акча которууга жана башкаларды жасоого болот. Кыргызстанда жаш муун баарлашуу, окуу жана иштөө үчүн Интернетти жигердүү пайдаланып жатат. Бирок бул тажрыйбаны алуу үчүн бардык эле адамдарда жеткиликтүүлүк жана ресурстар боло бербейт. 50+ курактагы адамдардын айрым тобу бар, аларга МКТ жана мобилдүү технологиялар жагынан билими жетишпейт, алар смартфондорду, ошондой эле башка заманбап гаджеттерди пайдаланууда ыңгайсыздыктарды башынан өткөрөт, аларсыз азыркы учурда мүмкүн эмес.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду демилге баштап жатат, ал 50 жаштан улуу курактагы калкта санариптик мобилдүү технологияларды пайдалануу жөндөмдөрүн калыптандырууга, ошондой эле мобилдүү түзүлүштөр аркылуу накталай эмес финансылык операцияларды жасоого көмөктөшөт.


Бул демилгенин максаты – «50 +» курактык категориядагы адамдарды смартфондор менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүн алууга, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны накталай эмес төлөөнү жүргүзүү үчүн мобилдик түзүлүштөрдү пайдаланууга жана башка операцияларды жүргүзүүгө үйрөтүү.


Долбоор эки этаптан турат: 1) машыктыруучуларды окутуу, ал жерде алар окутуу методдорун жана 50 жаштан улуу адамдар менен иштөөнү үйрөнөт жана 2) тургундарды окутуу (окутулган машыктыруучулар борбордун жаңы конуштарынын тургундары, ошондой эле Ысык-Көл областынын тургундары менен иш алып барат).


Машыктыруучулар үчүн тренинг 2018-жылдын 18-20-декабрында төмөнкү даректе өтөт: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 32, KICB банкынын окуу борборунда.


Белгилеп кетели, бул демилгенин өнөгү болуп KICB банкы саналат.

 

Алда канча кең-кесири маалымат үчүн долбоордун координатору Кабылбаева Назгүлгө кайрылыңыздар тел: 0312621603