Эл өкүлү бөбөктөргө китеп окуп берди

December 6, 2018, 06:00

2018-жылдын 5-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты А.К.Касымалиева Ош шаарындагы «Байчечекей» бала бакчасында болуп, «Балдарга жаӊы жылдык белек-Акылдуу китеп» акциясынын алкагында бөбөктөргө китептерди окуп берди.


Эл өкүлү окуп берген «Ынтымак сыры» жана «Кыргызстанды кыдырабыз» китептери «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан даярдалып, жарыкка чыккан. Китептер өзүнүн мазмууну жана таанып билүүчүлк багыттагы кызыктуулугу менен жаш бөбөктөргө абдан жакшы таасирин калтырды. А.К.Касымалиева бөбөктөр менен китептеги каармандар тууралуу ой бөлүштү, алардын суроолоруна жооп берди.


КР Жогорку Кенешинин депутаты А.К.Касымалиева бөбөктөргө китеп окуп берүү эстафетасын КР Жогорку Кенешинин депутаты А.М.Нурбаевге өткөрүп берди.