Нью-Йоркто Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгынын урматында иш-чаралар өттү

December 2, 2018, 06:00

28-ноябрдан тартып 30-ноябрга чейин Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) Колумбия Университетинде көрүнүктүү советтик жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган илимий жана маданий иш-чаралардын сериясы өттү.

 

Бул жолугушуулар Кыргыз-америкалык фонд (Kyrgyz American Foundation), Колумбия Университетинин алдындагы Гарриман Институту (Harriman Institute at Columbia University) жана Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америкалык Университет (American University of Central Asia) тарабынан уюштурулду.

 

Иш-чаралардын алкагында белгилүү илимпоздордун жана көркөм өнөрдүн ишмерлеринин катышуусу менен эл аралык конференция өттү. Айтматовдун чыгармаларына негизделген Болот Шамшиевдин фильмдери көрсөтүлдү, Аскарбек Абдыгуловдун фото көргөзмөсү жана Eurasia Festival Ensemble’дин жана дүйнөлүк операнын жылдыздары Михаил Светловдун жана Николета Раллистин катышуусу менен концерт болду.

 

Бул окуялар Ч.Айтматовдун адабий, дипломатиялык жана маданий мурасына ретроспективдүү көз жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн берди деп белгилөөгө болот. Көрүнүктүү эл аралык илимпоздор жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына тиешелүү көп кырдуу темаларды, ошондой эле феминизм, колониалдык саясат жана улуттук идентивдүүлүк маселелерин талкуулады. Айтматовдун чыгармаларынын советтик киного жана музыкага таасиринин маанилүүлүгү жазуучуну жеке билген жана аны менен кызматташкан бир катар көрүнүктүү көркөм чыгармачылык жана коомдук ишмерлер тарабынан каралды. Алардын ичинде белгилүү режиссер Болот Шамшиев, композитор жана Кыргыз Улуттук Консерваториясынын президенти Муратбек Бегалиев жана Кыргыз-америкалык фонддун президенти Аза Сыдыков бар. Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева Айтматовдун дипломатиялык жана саясий мурасы жөнүндө баяндама менен сөз сүйлөдү.

 

Мындан тышкары, меймандар Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы мобилдүүлүк жана илгерилөө жөнүндө дискуссия өткөрдү жана ушул улуу адабиятчынын өмүрү жөнүндө «Тоолор кулаганда» деген аталыштагы китепти талкуулады.