«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2018-жылдын декабрына иш-чараларынын дайджести

December 3, 2018, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын


2018-жылдын декабрына


иш-чараларынын дайджести

 


6-декабрь - Менталдык арифметика “Intelligent” боюнча мастер-класс

Качан: 6-декабрь, башталышы саат 14.00

Кайда: И.Арабаев атындагы КМУ (чоң жыйын залы)

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана И.Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасы «Баланы өнүктүрүү мектеби» брифинг-аянтчасынын ишинин алкагында Менталдык арифметика “Intelligent” боюнча мастер-классты өткөрөт. Менталдык арифметика “Intelligent” – бул Малазийялык бренд, ал өзүнүн билим берүү ишин 20 жылдан ашык мезгилден бери дүйнөнүн 65 өлкөсүндө жүзөгө ашырып жатат. Кыргызстанда Intelligent Edukation Group’тун жападан жалгыз расмий өкүлү болуп “Instudy” билим берүү борбору саналат. Презентация интерактивдүү режимде өтөт. Мастер-классты “Instudy” ББнын методисти Иманкулова Александрия жана психологиялык илимдердин кандидаты Ахметова Зарина өткөрөт. Эшик ачык.

Тили: орус

Телефон: 0555414423 (Агайдарова А.У., балдарды өнүктүрүү боюнча адис)

 

 

6, 13, 20, 27-декабрь – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

Качан: 6, 13, 20, 27-декабрь

Кайда: Бишкек шаарынын № 14, 26, 37, 62 мектептери

6-7-класстардын окуучулары үчүн «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана «Адам жана таштандылар» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз/орус

Телефон: 0555788825 (Нурзат Жээмбаева, программалык адис)

 

 

17-декабрь - Көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин презентациясы

Качан: 17-декабрь, башталышы саат 12.00дө

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Чоң залы

Китептер Кыргызстандагы, Казакстандагы, Өзбекстандагы замандаштарыбыздын мисалында көркөм өнөр жагындагы төрт кесип жөнүндө айтып берет, алар өз өлкөлөрүндө гана эмес, ошондой эле анын чегинен алыс жактарда өзүнүн талантынын жана өжөрлүгүнүн аркасында ийгиликтерге жетишкен. Ар бир китеп көркөм өнөрдүн тигил же бул түрү үчүн мүнөздүү болгон түшүнүк-терминдердин чакан сөздүгү менен жабдылган. Китептердин каармандары: КРнын Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев, Казакстандын биринчи скрипкасы, Казакстан Республикасынын Эл артисти Айман Мусаходжаева, Өзбекстандан опералык аткаруучу, СССР Эл артисти Исмаил Джалилов, Кыргызстандын эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев презентациянын меймандары болуп калат.

Тили: орус

Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, долбоордун координатору)

 

 

18-декабрдан тартып 20-декабрга чейин - Мобилдүү технологиялар боюнча машыктыруучулар үчүн тренинг

Качан: 18-декабрдан 20-декабрга чейин, саат 9:30 – 17.00.

Кайда: KICB’нын окуу борбору (4-кабат), Раззаков көчөсү 32

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «50+ жаштагы адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоорун ишке киргизип жатат. Долбоордун алкагында 18-декабрдан 20-декабрга чейин машыктыруучулар үчүн тренинг өткөрүлөт, алар Бишкек шаарынын турак-жай конуштарынын жана Ысык-Көл областынын 50+ жаштагы калкын байланышуу, баарлашуу, ошондой эле телефон аркылуу накталай эмес операцияларды жүргүзүү үчүн мобилдүү телефонду пайдалануу боюнча окутат. Долбоор Кыргыз Инвестициялык–Кредиттик Банкынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Тили: орус/кыргыз

Телефон: 0312621603 (Кабылбаева Н.Т., долбоордун координатору)

 

 

«Салттуу рецепттердин кулинардык китеби» китебин чыгаруу

Китеп Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк айыл чарба уюмунун (ФАО) «Азык-түлүк социалдык контракты/Акча каражаттары плюс» пилоттук долбоорунун алкагында демейки жана салттуу тамактарды азык-түлүк жактан түрлөнтүү аркылуу Кыргызстандын тамактануу адаттарын жана практикаларын жакшыртуу максатында иштелип чыкты.

Тили: кыргыз/орус

Телефон: 0555004240 (Осмоналиева А., долбоордун ассистенти)

 

 

Лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча вебинарлар

Качан: датасы жана убактысы http://www.roza.kg 

Кайда: Бишкек шаары жана өлкөнүн региондору

Вебинарлардын максаты – лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык коммуникациялык технологиялар боюнча окутуучу семинарлардын онлайн сериясы аркылуу долбоордун катышуучуларынын мансап жагынан өсүшүнө көмөктөшүү. Окутуу достук байланыштарды түзүүгө, тажрыйба жана билим алмашууга жардам берет, ошондой эле SТЕМ жагынан кесиптик өсүш үчүн шыктанууну арттырууга көмөктөшөт. Вебинарлар Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда төмөнкүдөй өнөк ЖОЖдордун базасында өтөт: И.Раззаков атындагы КМТУ, С.Нааматов атындагы НМУ, ОшМУ, ЖаМУ, ТалМУ, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ.

Тили: орус

Телефон: 0708743407 (Усупкожоева А.А., долбоордун координатору), 0555821504 (Маражаббай кызы Асель, долбоордун ассистенти)