№72 гимназия мектептин окуучулары үчүн эко-тарбиялоо боюнча билим кербени

November 29, 2018, 06:00

29-ноябрда № 72 гимназия мектебинде ушул окуу жылындагы үчүнчү «Экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени» өттү, ал жерде эко-долбоордун өкүлдөрү 10-класстардын 80ден ашык окуучусу менен жолугушту жана алар үчүн интерактивдүү лекция-презентацияны өткөрүп, алар менен экология темасына дискуссия кылды. Кербендин жүрүшүндө жогорку класстардын окуучулары «адам туулуп-өскөн жерине кандай зыян алып келет», «пластик, таштанды жана булганган аба ден соолукка жана курчап турган чөйрөгө кандай өлчөмдө зыяндуу» жана эң башкысы «биз курчап турган чөйрөгө кандай түрдө жардам бере алабыз» деген сыяктуу суроолорго жоопторду алды.

 

10-класстардын окуучулары жигердүү жана баарына ышкыбоз болуп чыкты, экология жагынан көптөгөн суроолорду берип, экологиялык жактан маданияттуу өсүп келаткан муунду тарбиялоо үчүн ушундай акцияларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү.

 

Кербендин аягында уюштуруучулар катышып жаткан класстарга «Жаш бишкектиктин эрежелери» эко-тарбиялоо плакаттарын, ар жылдагы Билим фестивалынын алкагында чыгарылган Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын каталогун, ошондой эле жаратылышка аяр мамиле темасына видео-роликтердин комплектин белекке берди.

 

«Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурулду.

 

Бул акция 2015-жылдан бери борбордун мектептеринде өткөрүлүп келаткан «Билим кербени: Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» акциясынын уландысы болуп саналат жана мектеп окуучуларынын экологиялык жактан тарбиялуу болушун арттырууга, аларда учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү түшүнүүнү жана жаратылышты сактоо үчүн жоопкерчилик сезимин иштеп чыгууга, жаратылышты коргоо ишине алардын жигердүү катышуусуна багытталган.

 

Эко-долбоордун акцияларды жөнүндө кең-кесири: http://roza.kg/initiative/investing-in-next-generation/eco-project/