«Тагдыр каармандары» поэзия кечеси болуп өттү

December 2, 2018, 06:00

2018-жылдын 29-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында “Тагдыр каармандары” аттуу поэзия кечеси чоң аншлаг меннен болуп өттү. Кече акын жана жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин, акындар Жумакан Жаркулованын, Сапарбек Муратовдун жана Гүлбарчын Исаеванын чыгармачылыгына арналды. Иш чара учурунда акындар өздөрүнүн ырларынан окуп беришти. Ошондой эле Мусакун Сатыбалдиевдин ырларын И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери да көркөм окуп беришти. Ал эми Гулбарчын Исаева ыр окуу менен гана чектелбестен, комуз чертип, С.Бейшекеевдин жана Р.Калмуратовдун ырларын ырдап берди.


Тагдыр каармандарынын ырларынын мазмууну өзүнүн үмүткө толгон сабырдуулугу, тагдыр жазмышын жеңе билген кайраты менен айырмаланып турду жана көрүүчүлөрдүн көкүрөгүнө уялап, таң калтырды.


Кече соңунда КР Жогорку Кенешинин депутаты Рыскелди Момбеков сөз сүйлөп, өзүнүн толкундап турганын жашырган жок. Бул чыгармачыл адамдар мамлекет тарабынан сый, наамдарга ээ болушу керектигин баса белгиледи, алардын кайратына, чыгармачылыгына таазим этти.


Ошондой эле кечени жыйынтыктап сөз сүйлөгөн “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева “Поэзия кечеси” демилгесинин маанисине жана идеясына кенен токтолуу менен акындарга чыгармачылык ийгиликтерди каалады жана иш чараны уюштурган эмгек жамаатына өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.


Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо абдан кызыктуу жана мазмундуу алып барды.