17-декабрда Улуттук филармониянын Чоң залында көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин презентациясы өтөт

November 29, 2018, 06:00

 Кымбаттуу достор!

 

Силерди жана силердин балдарыңарды көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин презентациясына чакырабыз, ал 17-декабрда саат 12-00дө Улуттук филармониянын Чоң залында өтөт.

 

Биздин белгилүү замандаштарыбыз – Кыргызстандан композитор, Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев, Казакстандан скрипачка, Улуттук көркөм өнөр Университетинин ректору Айман Мусаходжаева, Өзбекстандан опералык аткаруучу, СССР эл артисти, азыр Ташкент Консерваториясынын опералык вокал кафедрасынын жетекчиси Исмаил Джалилов, сүрөтчү, Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев китептердин каармандары болуп калды.

 

Китептер көркөм өнөргө кызыккан кичинекей бала өзүнүн үмүтүнө умтулуп, оорчулуктарды, бөгөттөрдү жеңип жана белгилүү болуп калуу менен өз мекенин төгөрөктүн төр бурчуна даңктаганы жөнүндө айтып берет. Бардык ушул таржымалдарда бул балдар өзүнүн талантынын жана өнөрлүү болушунун аркасында гана эмес, ошондой эле өжөрлүгүнүн, эмгекти сүйгөндүгүнүн, башка түшкөн кыйынчылыктарды көтөрө билгендигинин аркасында белгилүү болуп калган.

 

«Эмне үчүн китептер замандаштар жөнүндө?», – деп сурайбыз көпчүлүгүбүз. Биз көзү өтүп кеткендерге таңданууга көнүп алганбыз жана көп учурда биздин жаныбызда көп сандаган таланттуу, эң сонун адамдар жашап жатканын унутуп калабыз жана көрбөйбүз. Андыктан алардын үлгүсү балдарга шык берип жана аларды өмүр жолунда оорчулуктардан коркпоого жана өзүнүн максатына карай бекем барууга дем бере алат. Балким, жаш кыргызстандык ушул китептерди окуп, көркөм өнөрдү өзүнүн өмүр жолу деп тандап алаар; балким, ушул китептердин бири анын тандоосун колдоп жана биздин көркөм өнөрдүн горизонтунда жаңы жаркыраган жылдыз жанаар.

 

Китептерди «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду «Азыркы көркөм өнөр – балдарга» долбоорунун алкагында Швейцариянын КРдагы Элчилигинин, Казакстан Республикасынын Маданият министрлигинин, ФИНКА БАНКтын колдоосу менен басып чыгарды.