Экс-Президент Роза Отунбаева жана Кыргызстандын эксперттеринин тобу Малайзиянын Премьер-министри Мохатхир Мохамед менен жолугушту

November 28, 2018, 06:00

2018-жылдын 19-ноябрынан 23-ноябрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.Отунбаеванын Малайзияга жумушчу визити болуп өттү. Ушул сапардын алкагында 23-ноябрда КР экс-Президенти Р.Отунбаева башчылык кылган Кыргызстандын делегациясы Экономика министрлигинин статс-катчысы А. Шаршеевдин жана Кыргызстандын эксперттеринин курамында Малайзиянын Премьер-министри Мохатхир Мохамед менен жолугушту.

 

Экс-Президент менен Малайзиянын Премьер-министри саясий жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн өлкөлөрдүн ортосундагы мүмкүн болгон эки тараптуу кызматташтык чөйрөлөрүн талкуулады.

 

Махатхир Мохамед КР жетекчилигине санариптик экономиканы өнүктүрүү, региондорду өнүктүрүү, билим берүү, коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө мыкты тажрыйбаны бөлүшүүгө Малайзиянын Өкмөтүнүн даярдыгы жөнүндө билдирди.

 

Кыргызстандын делегациясы Малайзиянын Вице-премьер министри д-р Ван Азизах, коммуникация жана мультимедиа министрлигинин, үй-бүлөнүн жана аялдардын иштери боюнча министрликтин жетекчилери, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын жетекчиси, Санариптик экономика боюнча корпорациянын жетекчилиги менен жолугушту.

 

Малайзиянын Премьер-министри – 1981 – 2003-жылдардагы мамлекеттик жана саясий ишмер, өлкөнүн төртүнчү Премьер-министри. 2018-жылы кайрадан Малайзиянын Премьер-министри болуп шайланган, бирок 2018-жылдын майындагы шайлоодо жеңишке жетишкен «Үмүт» оппозициялык альянсынан шайланган.