Жигердүү ишмердиктин жемиши

November 29, 2018, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Муну менен, аталган документте белгиленгендей, Кыргызстан менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу системасы мамлекеттик деңгээлде түзүлдү. Кеңештин негизги максаты Кыргыз Республикасын динамикалуу экономикалык, маданий, социалдык өнүктүрүү, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча мамлекет менен мекендештердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылуу болуп эсептелет. Ошондой эле, Жарлыктын 21-пунктуна ылайык Кеңештин ишинин алкагында эки жылда бир жолу «Мекендештер» форумун үзгүлтүксүз өткөрүп туруу каралган.


Бул ириде “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан негизделип, 2012-жылдан бери ар бир эки жылда үзбөй өткөрүлүп келаткан Мекендештер Форумунун ишмердигинин түздөн-түз жыйынтыгы деп айта алабыз. Анткени аталган иш чара мамлекеттик структура менен чет жактарда иштеп жүргөн мекендештердин Кыргызстанды өнүктүрүү максатындагы өз ара диалогун камсыз кылууда мыкты аянтча болуп бере алгандыгын иш жүзүндө көрсөттү. Ар бир эки жылда өткөн Форум өлкөбүздү өнүктүрүү багытындагы актуалдуу делген маселелерди чечүүдө чет жакта эмгектенген мекендештер менен кызматташуунун ролуна басым жасоо менен катар мекендештерибиздин муктаждыктарын чечүү жолдорун бийлик бутактарына сунуштады. Натыйжада 2012, 2014, 2016, 2018-жылдары төрт ирет тең коомдо чоң окуя катары өткөн Мекендештер Форуму Кыргыз Республикасынын миграция саясатын өнүктүрүүдө өзүнүн баа жеткис салымын кошо алды. Ар бир Форум биздин мекендештерди өз Мекенине жакындатты, анын өсүп-өнүгүүсү, келечеги тууралуу иштиктүү кадамдарды жасоого түрттү.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков 2018-жылдын 8-9- августунда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Мекендештердин төртүнчү Форумунда сөз сүйлөп, чет жактан келген мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип жатып, Президентке караштуу миграцияда жүргөн мекендештерибиз менен байланыштар боюнча кеңешти түзүү зарылдыгы тууралуу көпчүлүктүн сунушун колдогон жана бул тууралуу өз оюн билдирген эле. Форумга катышкан мекендештердин бул сунушу иш чаранын резолюциясы менен да бекемделген.


КР Президенти башында турган аталган Кеңештин түзүлүшү чет жактардагы мекендештер менен байланыштар боюнча Кыргыз Республикасынын саясатын жана ишмердиктерин жаңы баскычка жана деңгээлге көтөрө алат деп ишенебиз.